www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg
Афганистандын тышкы иштер министринин орун басары Мохаммад Наим билдиргендей, Стамбул шаарында Пакистан менен өткөн сүйлөшүүлөр «пакистандык тараптын реалдуу эмес талаптарынан улам» жыйынтык берген жок.
Анын айтуусунда, Афганистан «жакшы ниет менен» сүйлөшүүлөргө катышканына карабастан, «пакистандык делегациянын кызматташууга даяр эместиги» процесстин алдыга жылышына тоскоол болгон. Кабул өз кезегинде, «акылга сыярлык ар кандай келишимге даяр» экенин билдирди. Бул тууралуу Bakhtar агенттиги жазды.
Буга чейин, 10-ноябрда Түркиянын президенти Режеп Тайип Эрдоган Пакистан менен Афганистандын ортосундагы жаңжалдын алдын алуу максатында түрк тынчтык демилгесинин планын жарыялаган. Президент Исламабадга Түркиянын тышкы иштер, коргоо министрлерин жана атайын кызмат башчыларын жөнөтүп, эки өлкө ортосундагы мамилелерди жөнгө салуу жолдорун талкуулоону көздөп жатканын билдирген. Ошондой эле Эрдоган мырза «Катарда башталган жана Түркиянын ортомчулугу менен Стамбулда уланган тынчтык сүйлөшүүлөрүн оң жыйынтыкка жеткирүү үмүтүн жоготпой турганын» белгилеген.
Пакистан менен Афганистандын ортосундагы мамиле 9-октябрдан 10-октябрга караган түнү курчуган. Ошол маалда Пакистандын аскер-аба күчтөрү Кабул шаарынын бир районуна жана Пактика провинциясындагы базарга аба соккусун жасаган. Натыйжада, Афганистандын аймагында жашырынып жүргөн пакистандык талибдердин үч жетекчиси жок кылынган.