www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg

Энергетика министрлигинин электр энергиясын ишенимдүү жана коопсуз камсыздоо тапшырмасына ылайык энергетика тармагында кызматкерлердин билимин жана практикалык көндүмдөрүн жогорулатууга өзгөчө көңүл бурулууда. Бул алкакта энергетиктер үчүн пландуу түрдө техникалык окутуулар жана тажрыйбалык сабактар уюштурулууда.

“Кыргызстан УЭТ” ААКнын филиалы Жалал-Абад электр тармактар ишканасында 12-январдан тартып техникалык окуулар башталып, учурда облустагы бардык район электр тармактарынын жана ишкананын бөлүмдөрүнүн кызматкерлери окууларга тартылууда.

Окутуунун жүрүшүндө электр жабдууларын коопсуз пайдалануу, авариялык кырдаалдардын алдын алуу, заманбап технологияларды колдонуу жана эмгекти коргоо эрежелери боюнча кеңири маалымат берилүүдө. Теориялык билим практикалык машыгуулар менен бекемделип, адистер реалдуу шартта иш алып баруу ыкмаларын өздөштүрүүдө.

Мындан тышкары, коопсуздукту сактоодогу атайын белгилерди туура пайдалануу, кокустан токко урунган адамга алгачкы жардам көрсөтүү тартиби, ошондой эле жардам көрсөтүү учурунда өзү кошо токко урунуп калбаш үчүн көрүлүүчү чаралар тууралуу кеңири түшүндүрмөлөр берилүүдө. Жабыркаган адамга биринчи жардам көрсөтүүдө аны кооптуу жайдан кеминде 8 метр аралыкка чыгаруу зарылдыгы өзгөчө белгиленди.

Окутуулар Жалал-Абад электр тармактар ишканасынын окуу борборунун жетекчиси Гүлжан Кочкорованын иш -планынын негизинде уюштурулуп, башкы инженер Сүймөнкул Мурзаев, ишенимдүүлүк жана коопсуздук техникалык кызматынын жетекчиси Алтынбек Болотов жана тиешелүү жетекчилер тарабынан жүргүзүлүүдө. Сабактар слайддар, көрсөтмө куралдар жана окуу китептери менен жабдылып, бекитилген графикке ылайык күн сайын өтүүдө. Түзүлгөн графикке ылайык, январь айында башталган окуулар февраль айында жыйынтыкталат.

Мындай окуулар энергетиктердин кесиптик деңгээлин жогорулатып, электр тармактарынын туруктуу иштешине жана калкты үзгүлтүксүз электр энергиясы менен камсыздоого өбөлгө түзөт.

Последние новости