www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg

Өзгөчө кырдаалдар министрлигинде 2025-жылдын жыйынтыгы чыгарылып, анда министрдин биринчи орун басары Азамат Мамбетов өлкө аймагында катталган өзгөчө кырдаалдар жана кырсыктар тууралуу маалымат берди.

Анын айтымында, 2025-жылы Кыргызстанда 14 өзгөчө кырдаал катталып, алардын кесепетинен 32 адам каза болгон. Өзгөчө кырдаалдардан келтирилген материалдык чыгым 60 млн 252 миң сомду түзгөн. 2024-жылга салыштырмалуу өзгөчө кырдаалдардын саны жана алардын кесепеттери бир кыйла азайган.

Ошол эле учурда, өлкө боюнча катталган кырсыктардын жалпы саны 4 429га жетип, бул көрсөткүч 2024-жылга салыштырмалуу 16 пайызга өскөн. Кырсыктардын натыйжасында 313 адамдын өмүрү кыйылып, келтирилген материалдык чыгым 2 млрд 30 млн сомду түздү. Бул көрсөткүч өткөн жылга салыштырмалуу эки эсеге көбөйгөн.

 

Последние новости