www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg

Кыргыз Республикасынын Энергетика министрлигинде коррупциянын алдын алуу иштерин күчөтүү, ачык-айкындуулукту камсыз кылуу жана мамлекеттик башкарууда тартипти бекемдөө максатында кеңейтилген жыйын өткөрүлдү.
Аталган иш-чара Энергетика министрлиги менен Ички иштер министрлигинин ортосундагы коррупцияга каршы биргелешкен аракеттер тууралуу келишимдин негизинде уюштурулуп, анын алкагында 2026–2027-жылдардын күз-кыш мезгилине даярдык көрүүдө жүргүзүлө турган сатып алууларды ачык, таза жана так аткаруу маселелери да каралды.

Жыйынга министрликке караштуу бардык энергокомпаниялардын, түзүмдүк бөлүмдөрдүн өкүлдөрү жана жетекчилик курам толук катышты.

Энергетика министри Таалайбек Ибраев өз сөзүндө тармакта коррупциялык көрүнүштөргө каршы күрөш жана алдын алуу иштери өзгөчө көзөмөлдө экенин баса белгилеп, катуу талаптарды койду:

“Ар бириңер так түшүнгүлө: бул тармакта кокусунан ката кетирдим деген түшүнүк болбойт. Ар бир чечим, ар бир кол коюлган документ — бул жоопкерчилик. Ар бир тыйын үчүн башыңар менен жооп бересиңер. Таза иштегиле. Мыйзамдан чыккан ар бир кадам сөзсүз жоопкерчиликке алып келет.”

Министр ошондой эле тармактагы бардык процесстер коомчулуктун көзөмөлүндө экенин белгиледи:
“Бизге маалыматтар тынымсыз келип турат. Кайсы жерде кандай мыйзам бузуу болуп жатканын жашыруу мүмкүн эмес. Кандай иштеп жатканыңар, кимге кандай мамиле кылып жатканыңар — баары көрүнүп турат. Ошондуктан ар бириңер ишиңерге так жана таза мамиле кылгыла.”
Министр Таалайбек Ибраев ошондой эле укук коргоо органдары менен өз ара аракеттенүүнү күчөтүүнү тапшырып, бардык түзүмдүк бөлүмдөрдүн жана карамагындагы ишканалардын жетекчилерин ишмердүүлүктүн ачык-айкындуулугун камсыз кылууга жана тиешелүү бардык документтердин жеткиликтүүлүгүн камсыздоого милдеттендирди.

Белгиленгендей, сатып алууларга, каржылык ишмердүүлүккө жана кабыл алынган чечимдерге байланышкан документтерге толук жана өз убагында жеткиликтүүлүктү камсыз кылуу — милдеттүү талап болуп саналат.
Мындай чаралар коррупциялык көрүнүштөрдүн алдын алууга шарт түзүп, тармакта ачык-айкындуулукту, жоопкерчиликти жана башкаруунун натыйжалуулугун жогорулатууга өбөлгө болот.

Белгиленгендей, министрликте коррупцияга каршы саясат туруктуу негизде жүргүзүлүп, бул багытта мамлекет башчысынын тапшырмалары ырааттуу аткарылып келет. Укук коргоо органдары менен биргеликте алдын алуу жана көзөмөл иштерине өзгөчө көңүл бурулууда.
Өз кезегинде, КР ИИМдин ГУУР башкармалыгынын 4-башкармалыгынын өзгөчө маанилүү иштер боюнча улук ыкчам ыйгарым укуктуу кызматкери Уланбек Шаршенбаев коррупциялык укук бузуулар үчүн жоопкерчилик күчөтүлгөнүн эскертип, мыйзам талаптарын так сактоого чакырды:
“Коррупцияга каршы күрөш — бул бир гана укук коргоо органдарынын эмес, ар бир мамлекеттик кызматкердин түздөн-түз милдети. Эгер мыйзам бузуу аныкталса, ал сөзсүз иликтенип, тиешелүү юридикалык баа берилет. Мыйзам баары үчүн бирдей”.

Жыйын соңунда мамлекеттик ишканаларга коррупциялык тобокелдиктерди алдын алуу, ички көзөмөл механизмдерин күчөтүү жана бардык процесстерди максималдуу ачык жүргүзүү боюнча так тапшырмалар берилди. Белгиленгендей, таза жана жоопкерчиликтүү башкаруу — тармактын туруктуу иштешинин жана коомчулуктун ишениминин негизги шарты болуп саналат.
 

Последние новости