www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg
2026-жылдын 3-мартында Кыргыз Республикасынын энергетика министри Т.Ибраев менен «Blue Networks» компаниясынын башкы директору Но Cун Ён мырзанын эки тараптуу жолугушуусу болуп өттү.
Жолугушуунун жүрүшүндө тараптар электр кубаттоочу станциялардын инфраструктурасын өнүктүрүү жана Кыргыз Республикасында заманбап энергетикалык технологияларды киргизүү жаатындагы эки тараптуу кызматташуунун учурдагы абалын жана келечегин талкуулады.
Белгиленгендей, 2026-жылдын июль айына чейин компания тарабынан Кыргыз Республикасынын аймагында Автоунаалар үчүн 300 электр кубаттоочу станцияларды даярдоо пландалууда. Өз кезегинде компаниянын өкүлдөрү Корея Республикасында 3500 кубаттоочу станция ийгиликтүү орнотулгандыгын маалымдашты, бул компаниянын бул чөйрөдөгү олуттуу практикалык тажрыйбасын жана технологиялык компетенциясын тастыктайт.
Тараптар ошондой эле кызматташууну кеңейтүүгө, анын ичинде күн электр станцияларын куруу жана энергиянын кайра жаралуучу булактарын өнүктүрүү боюнча долбоорлорду ишке ашырууга өз ара кызыкдар экендигин билдиришти.
Тармакты санариптештирүү маселелерине өзгөчө көңүл бурулду. Компания кубаттоочу инфраструктураны башкаруу үчүн атайын программалык камсыздоону иштеп чыккандыгын билдирди. Жолугушуунун жыйынтыгы боюнча системанын ачык-айкындуулугун, мониторингин жана натыйжалуу башкарууну камсыздоо үчүн Кыргыз Республикасынын Энергетика министрлигине тийиштүү кирүү ачкычтарын жана логиндерди өткөрүп берүү жөнүндө макулдашуу ырасталды.
Кыргыз Республикасынын Энергетика министрлиги өлкөнүн жашыл экономикасын өнүктүрүү, инвестициялык жагымдуулугун жогорулатуу жана Кыргыз-корей өнөктөштүгүн бекемдөө үчүн ишке ашырылып жаткан долбоорлордун стратегиялык маанисин баса белгиледи.
Маалымат катары: "Blue Networks Co., Ltd." менен кызматташуу 2024-жылдан бери уланып келет. 2024-жылдын август айында «Чакан ГЭС» ААК менен компаниянын ортосунда электр заряддоо станцияларын чогу даярдап иштетүү жана пайдалануу боюнча өз ара түшүнүшүү Меморандумуна кол коюлган.
2025-жылы Кыргыз Республикасында электр заряддоочу станцияларды чогултуу, өндүрүү жана орнотуу боюнча өндүрүштүк ишкана ачуу долбоорун ишке ашыруу боюнча алкактык Макулдашууга кол коюлган. Макулдашуунун алкагында "Рево Кей Джи" ЖЧК биргелешкен ишканасы түзүлгөн, электр кубаттоочу станцияларды чогултуу боюнча заводду ишке киргизүү 2026-жылдын апрель айына пландаштырылган.