www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg

Хоккей боюнча Кыргызстан курама командасы 2022-жылкы Олимпиада оюндарынын тандоо турунда Европанын Босния жана Герцоговина өлкөсүнүн таш талканын чыгарды.

Тактадагы эсепти айтсак ишенбейт дагы болсоңор керек. 15:3 эсебинде биздин пайдабызга чечилди. Бул оюн үчүнчү турдун жыйынтыктоочу беттеши болду. Буга чейин Кыргызстан Бириккен Араб Эмирлигин 9:4 жана Люксембургду 5:3 эсебинде утуп, тандоо турунун экинчи баскычына алдын ала өткөн.

Тандоо турунун экинчи баскычы декабрда Румынияда өтөт. Анда Кыргызстанга Румыния, Израиль жана Исландия кез келет. Ошентип өлкөнүн тарыхында алгачкы ирет хоккей боюнча курама командабыз Олимпиадага катышып калуу мүмкүнчүлүгүнө жакын турат.

Булак: NazarNews.kg

Последние новости