www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg

Эмгек, социалдык камсыздоо жана миграция министрлигинин тутумунда 17 социалдык стационардык мекеме иштейт, алар республикалык бюджеттен каржыланат.

Ведомстводон маалымдашкандай, 2022-жылдын 1-январынан тартып президент Садыр Жапаровдун жарлыгы менен тамак-ашка акчалай жөлөкпул 100%га жогорулап, төмөндөгүлөрдү түздү:

- ден соолугунун мүмкүнчүлүктөрү чектелүү улгайган адамдарга жана чоңдорго - бир адамга күнүнө 200,0 сом;
- психоневрологиялык оорулары бар чоңдор үчүн – бир адамга күнүнө 200,0 сом;
- психоневрологиялык оорулары бар балдарга – бир адамга күнүнө 220,0 сом.

Учурда бул социалдык мекемелерде 2352 кызмат алуучулар – улгайган жарандар, чоңдор жана ден соолугунан мүмкүнчүлүгү чектелген балдар бар.

"Социалдык стационардык мекемелерде карылыгы, оорусу жана майыптыгы боюнча өзүн өзү багууга мүмкүнчүлүгү жок, сырттан кароого муктаж жалгыз бой улгайган жарандарга, жубайларга жана ден соолугунун мүмкүнчүлүктөрү чектелүү адамдарга кызмат көрсөтүлөт. Психоневрологиялык социалдык стационардык мекемесинде кызмат көрсөтүүлөр 4 жаштан 18 жашка чейинки ден соолугунун мүмкүнчүлүктөрү чектелүү балдарга көрсөтүлөт,, I жана II топтогу 18 жаштан жогоруларга алардын социалдык мекемеде болушу медициналык себептер боюнча каршы көрсөтмөсү жок", - деп айтылат маалыматта.

Булак: NazarNews.kg

Последние новости