www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg
Кыргызстанда быйылкы Ажылыкка даярдыктар уланууда. Үстүбүздөгү жылы 6 миң 60 кыргызстандык ыйык жерлерге барат. Бул тууралуу Муфтийдин орун басары Жолдошбек ажы Абдылдаев билдирди.
Анын айтымында, Сауд Арабиясынын Ажылык министрлиги жыл сайын падышачылыктын мыйзамдарын сактоо жана жашоо эрежелери боюнча көрсөтмөлөрдү жөнөтөт. Жакынкы Чыгыштагы кырдаалга карабастан, быйыл ажылар үчүн эрежелерде жана талаптарда олуттуу өзгөрүүлөр катталган жок.
Учурда өлкөнүн бардык аймактарында келечектеги зыяратчылар үчүн атайын окутуулар өткөрүлүүдө. Анда руханий даярдыкка басым жасалат: динчилдерге сапардын мааниси, ыйык жерлерде жүрүм-турум эрежелери түшүндүрүлөт жана ырым-жырымдарды кантип туура аткаруу керектиги үйрөтүлөт.
Бул жылы ажылыктын баасы 4 миң 650 долларды түзөт. Кыргызстандык зыяратчылар 11-майда Сауд Арабиясына уча башташы пландаштырылууда.