www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg

Ош шаарынын ички иштер башкармалыгынын Ак-Буура милиция бөлүмүнө Ош шаарынын электр тармактар ишканасынан арыз келген.

Ал арызда көрсөтүлгөндөй, белгисиз жаран  2026-жылдын 27-февралы күнү болжол менен саат 11.00-12.00 чамаларында Ош шаарынын И.Раззаков көчөсүндө жайгашкан ТП-214 көмөк чордонунун (подстанция) эшигин белгисиз жаран ачып, андагы 12 даана 400А кубаттуулуктагы  тетиктерин (предохранитель) уурдап кеткен. 

Ушул эле күнү Ош шаарынын У.Салиева көчөсүндө жайгашкан ТП-3 көмөк чордонунан  9 даана 400А  кубаттуулуктагы   ПН-2 үлгүсүндөгү тетиктерин(предохранитель) уурдап кеткен.

Жүргүзүлгөн ыкчам иш аракеттердин натыйжасында  Ош шаарынын Ак-Буура милиция бөлүмүнүн кызматкерлери тарабынан 14-март күнү Баткен облусунун Сүлүктү шаарынын 1995-жылы туулган тургуну У.Н. аттуу жаран кармалып, тергөөгө камсыз болду.

Ал алгачкы көрсөтмөсүндө уурдалган буюмдарды түстүү метал алуучу пунктарга өткөрүү үчүн уурдаганын билдирген. Кармалган учурда анын көтөрүп жүргөн баштыгынан сатып үлгүрбөй калган  электр тармагына тиешелүү тетиктер чыккан.     

Учурда анын үстүнөн уурулук фактысы менен кылмыш иши козголуп, убактылуу кармоочу жайга киргизилди.  Ал мурда тоноо фактысы менен соттолгон.

Последние новости