www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg

NABU Кыргызстан уюмунун түштүк бөлүмүнүн кызматкерлери Баткен облусундагы мамлекеттик экологиялык уюмдардын өкүлдөрү менен таанышуу, мындан ары тыгыз байланышта кызматташуу максатында Лейлек районунда болуп кайтышты.

Иш сапардын алкагында, КР ЖРЭжТК министрлигинин Баткен регионалдык башкармалыгынын өзгөчө корголуучу жаратылыш аймактары жана биотүрдүүлүк бөлүмүнүн, аталган министрликтин Баткен регионалдык башкармалыгынын Экология жана техникалык көзөмөл кызматынын жана КР ӨКМге караштуу Токой кызматынын “Лейлек” токой чарбасынын кызматкерлери менен биргеликте райондун тоолуу аймактарында мыйзамсыз аңчылыкка каршы рейддерди өткөрүштү. Аны менен катар өсүмдүктөр жана жаныбарлар дүйнөсүн коргоо жана сактоо боюнча жергиликтүү тургундарга түшүндүрүү иштерин жүргүзүштү.

Рейддик иштер Разаков шаарынан башталып, Туркестан-Алай кырка тоолорунун тескей тоо капталдарында, Лейлек районунун Сумбула, Ак-Суу, Кулунду, Лейлек, Жаңы-Жер айыл өкмөттөрүнүн тоолуу аймактарында өттү. Тактап айтканда, Көк-Таш айылынын Денау тоосу, Ак-Тоок аңчылык аймагы, Өзгөрүш токойчулугу, Арка токой чарбасына караштуу Сары-Талаа, Кара-Сай, Сегиз-Там тоолору, Ак-Суу айыл өкмөтүнүн Жезген, Төө-Жайлоо, Росолок, Ак-Таш капчыгайлары текшерүүгө алынды. Ошондой эле Сүлүктү шаарынын чет жакаларында мыйзамсыз аңчылык кылуу аймактары каралды.

Бул иш-чаралардын алкагында одоно укук бузуулар катталган жок. Бирок балык уулоо эрежелери сакталбаган 6 факт катталып, жарандарга 6 миң сом айыппул салынды жана аларга түшүндүрүү иштери жүргүзүлдү.

Ал эми визуалдык байкоо жүргүзүү учурунда аймактагы тоолордон түлкү, илек-илек, жаман сары, ак кажыр, сары чычкан (суслик), он чакты аркар-кулжа сыяктуу жаныбарлар менен канаттуулар кезикти.

Последние новости