www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg

Элдик ыңкылап талаптары толук аткарыла элек!

Мен революция жана мамлекеттик төңкөрүш жөнүндөгү маселеден баштайын. Анткени, бул экөөсүн чаташтыргандар көп. 1990-жылдардан баштап 2010-жылга чейин Кыргызстанда 3 революция болду. Бизде көбүнчө эки эле - 2005чи, анан 2010-жылдардагы революцияларды айтып жүрүшөт. Бул туура эмес. Үч революция бири-бирине окшош эмес. Деги эле тарыхта бирибирине коёндой окшош революциялар болбойт.

Революциянын эки түрү болот. Бири - белгилүү мөөнөткө созулган перманенттик, экинчиси - чукул ишке ашканы. 1990-1993- жылдары перманенттик революция болгон. Анын башында Кыргызстан СССРдин курамынан чыгып, өз алдынча эркин мамлекет болсун деген талап менен Кыргызстан демократиялык кыймылынын он миңдеген мүчөлөрү турган. Аны ошол убактагы парламенттин 114 депутат колдогон. Ал парламент КДКнын активдүү кийлигишүүсү, катышуусу менен 1990-жылы 15-декабрда Кыргыз ССРинин суверендүүлүгү, ал эми 1991-жылы 31-августта Кыргыз Республикасынын эгемендүүлүгү жөнүндө жарыяларды кабыл алган. Анан эгемендүү кыргыз мамлекетинин толук көз карандысыздыгынын символдорун - гербди, тууну, ураан ырды кабыл алып, 1993-жылы 5-майда Баш мыйзамды кабыл алуу менен аяктады. Ал парламенттикпрезиденттик башкарууга негизделген, баарынан адам укуктарын жана демократияны жогору койгон Баш мыйзам болчу. Ал эми 2005-чи, 2010-жылдарда революциянын экинчи түрү-чукул кыска мөөнөттөгүсү ишке ашты. Алар да бири-бирине окшош болгон эмес. 2005-жылдагы революция жержерлерден башталды. Эл тынчтык жолу менен эле жер-жерлердеги акимдерди, мэрлерди, губернаторлор элди курултайлардын чечими менен оодарылды. Революция 2005-жылы 4-мартта Жалал-Абадда жеңди. Ал эми 24- мартта болсо, элдин кысымына чыдабай, биринчи үй-бүлөлүк башкаруунун ээлери качышып, эл борбордо мамлекеттик бийликти кулатты. Аны мамлекеттик төңкөрүш деп атагандар болгон. Ошол күнү кечинде КТРдан М.Шеримкулов; “бул революция эмес, мамлекеттик төңкөрүш”деп жатыптыр. Эртең менен 6.30да үйдөн чыгып кетип, кечки 10дон өткөндө келип, чайга отургам. КТРга барып; Шеримкуловдун айткандары туура эмес. Мамлекеттик төңкөрүш менен революциянын табияттары таптакыр эки башка. Бийликтеги бир топ экинчи топту бийликтен оодарса, ал төңкөрүш деп аталат. Ал көбүнчө куралдуу күчтөрдүн жардамдары менен ишке ашат. Ал эми революцияны бийликтен жадаган миллиондогон жөнөкөй адамдар жасайт”,- дегем. Кээде биздин окумуштуулар деле революция менен мамлекеттик төңкөрүштү чаташтыра беришет. Революция деген коомдун ичиндеги өтө олуттуу маселелер курчуп, бийликтегилер ал маселелерди чече албай же чечкилери келбей калганда ондогон, жүз миңдеген адамдар көтөрүлүшүп, бийликти кулатышат. “Бийликтегилер- мурдагыдай элди башкара албай, эл- мурдагыдай жашагысы келбей калганда революциялык кырдаал жаралат” деп эң туура айтылган. Чын эле 2008-2009-жылдарда элдин Бакиевдердин ырайымсыз тойбос, канкор үй-бүлөлүк бийлигине нааразылыгы эң акыркы чегине жетип бүткөн. 2010-жылдагы революция 2005- жылдагыдан кескин айырмаланган. Биз , оппозициячыл күчтөр, 2010-жылы 3-апрелде жер-жерлерде элдик курултайларды өткөрүп, жергиликтүү бийликтегилерди алмаштырып, анан борбордук мамлекеттик бийликти оодаруу тактикасын көздөгөнбүз. Мен анда ЖалалАбадга бөлүнгөм. Анткени, ал тарап Бакиевдердин кичи мекени болгондуктан ал жакка менден башка эч кимисинин баргысы келген эмес. Мен 6-8-апрелдерде Таш-Көмүр, Аксы, Ала-Бука, Чаткал аймактарында жүргөм. Апрель революциясын адегенде шериктеш өлкөлөрдүн Ислам Каримов, Нурсултан Назарбаев, Владимир Путин сыяктуу жетекчилери “кыргызстандагылар улам эле революцияларды жасай беришет” деп жактырышкан эмес. Бирок, 2011-жылдын аягындагы СанктПетербургдагы бир чоң эл аралык жыйында Орусиянын президенти Владимир Путин: “араб өлкөлөрүндөгү жаз революциялары Кыргызстандан башталган” деп мойнуна алган. Ал эми Украин элинин чыгаан саясатчы кызы, атактуу демократ “Батьковщина” деген партиянын лидери Юлия Тимошенко өксүпөксүп: “менин партиямда 200 миңдей адам бар, бирок алардын ордунда 2 миң эле кыргыз кыраандары болсо, Януковичтердин бандасын шыпырып түшөт элем”- деген. Жогоруда айтылгандардын бардыгы Кыргызстанда 2010-жылдын 7-апрелинде революция болгондугун ырастап жатат. Экинчи жагынан, кыргыз элинин эр жүрөк революциячыл баатырлары, чечкиндүүлүгү, баарынан эркиндикти, адилеттикти жогору койгондугу жөнүндө абдан жакшы айтылган. Апрель революциясы беш жылдын ичинде бакиевдер элди биротоло тоноп, үй-бүлө мүчөлөрү менен жадатып, миллиарддаган акчаларды уурдашып, экономикалык, социалдык оор абалга туш кылгандыгынан келип чыкты. Акаевди биз үй-бүлөлүк авторитардык бийлик деп жүрсөк, авторитардык үйбүлөлүк башкаруунун эң жаман түрүн кийинкилер көрсөтүштү. Эң коркунучтуу ыплас формасы ошолордун тушунда болгон. 2010- жылдын 7-апрелиндеги үчүнчү революциянын өзгөчөлүгү - ал, тилекке каршы, өтө кандуу болду. 7-апрелде ондогон жаштар өлүштү, көбү жарадар болушту. Аларды четке коопсуз жерлерге алып чыгып коюшуп, экинчи топ жапырып киргенде, дагы октор жааган. Алардын да көбү өлүп, жарадар болушту. Үчүнчү топ каптаганда гана бийликте тургандар качышып, Ак үй алынган. Бул эмнени билдирет? “Манаста” “биримиңге тете” деген сөз бар. Каныкей да он экиге жаңы чыккан Семетейге “атаңдын баатырларынын ар бири - миң душманга тете” деп айткан. Ал сапаттардын атадан-балага, муундан - муундарга өтүп келаткандыгын, Манастын урпактары эркиндик, теңдик үчүн бири-миңге тете болуп, өмүрлөрүн да аябай тургандыгын 7-апрелдеги революция ырастады. Элибизде байыртадан пассионардык рух, пассионардык кажыбас-кайрат бар. Ошол учурдан мурунураак-кийинирээк Францияда жана башка өлкөлөрдө жаштар көтөрүлгөндө полициялар чуу чыгаргыч жардыргычтар, көздөн жаш агызуучу газдар менен эле кубалап таркатып жиберишкендерин көрдүк. Ал эми Кыргызстанда 7-апрелде ок менен элди атып, өлүм менен кууп тарката албай коюшкан. 7-апрелде 86 адам окко учту, жарадарлар андан бир нече эсе көп болду. Оор жарадарлардын да бир тобу кийин арабыздан кетип, өлгөндөр 103кө жеткен. Далайы өмүр бою майып болуп калышты. Биздин революциялардын дагы бир өзгөчөлүгү - биз лидерди тандоодо дайыма жаңылып келдик. Акаев - төрт жолу президенттикке шайланып, бийликтин узурпатору, үй-бүлөлүк авторитардык, тоногуч башкаруунун негиз салуучусу болду. Экинчи президент мамлекетти балдарына, инилерине башкартып таштады. Аларды тыйганга алы жетпеди. Андан кийинкиси алкаш, алкымы араандайачылган коррупционер болуп чыкты. Алар үчүн “Акаевди алып келген, башына калпак кийгизген, Бакиев үчүн жүгүргөн, Атамбаев менен аз да болсо биржүргөн деп мени күнөөлөшкөндөр да бар. Алардын айткандары да туура, мен өз кунөөмдү мойнума алам. Бирок, бир гана Тургуналиев күнөөлүү болсо кана?! Убагында Акаевдин ”Кыргызстанды үч жылдын ичинде Швейцарияга айландырам” дегенине көпчүлүгүбүз ишенгенбиз. Бакиев менен Атамбаевге менден жакындар көп болчу. Тилекке каршы, 1990-жылдан берки революциялардын талаптары толук аткарылбай келе жатат. Кыргызстан тонолуп гана келди. Сооронбай Жээнбеков коррупцияга каршы эки жыл мурда чоң казат баштагандыгына карабастан азыр да тонолуудабыз. Коррупция деген балакет оңой менен өлбөйт экен. Бир жагынан кармап, отургузуп жатса, экинчи жагынан чыгууда. Адамдарда “ыйман, топук, ынсап менен жаша дегенге караганда “Ал! Же! Жут!” - деген албарсты азгырык көп экен, миң эсе күчтүү экен. Башка өлкөлөрдүн көпчүлүгүндө деле ушундай. Айрымдарында гана кескин кыскарган. Бирок, Борбордүк Азияга кирген өлкөлөрдөгүдөй, Россиядагыдай коррупциянын түрлөрү көп өлкөлөрдө жок. Мен 2010-жылы бийликти тазалоо - “Люстрация жөнүндө” мыйзам долбоорун жазгам, аны ушул күнгө чейин өткөрүшпөдү. Анын зарылдыгы азыр өзгөчө байкалууда. Мамлекетке ондогон миллион сомдук зыян келтиргендерди өмүр бою бийликтен, саясаттан алыстатып,мамлекеттик кызматтарга шайлануу, дайындалуу боюнча конституциялык укуктардан ажыратуу керек. Ал эми аларды жандап жүргөндөрдү күнөөлөрүнө жараша он, беш, үч жылдан кем эмес убакытка шайлануу, дайындалуу укуктарынан ажыратуу зарыл. Андай катаал чаралар киргизилип, бийликтин баардык бутактарына эл, жерүчүн чындап жаны күйгөн мекенчил, таза, абийирдүү адамдар келмейинче жемкорлук азайбайт. Тилекке каршы, акыркы отуз жылда андай кадрлар тарбияланган, даярдалган эмес. Элдин арасында андай адамдар бар, бирок азыркы система аларды бийликке жакындатпайт, өздөрүнүкүн гана тандайт. Азыр башкаруу иштеринде Усубалиевдин, Акаевдин, Бакиевдин, Атамбаевдин тушунан бери коррупцияга аралашкандар отурат. Бул жагынан азыркы президент жалгыздык кылып жатат. Революциялардын талаптары аткарыла элек дегенимдин бир себеби ушул.

Топчубек ТУРГУНАЛИЕВ, “Манас”, Ч.Айтматов Улуттук Академиясынын Президенти, Апрель революциясынын активдүү катышуучусу, Убактылуу Өкмөттүн мүчөсү

Булак: "Майдан.kg"

Последние новости