www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg

2026-жылдын 6-февралында Астанада Кыргыз Республикасынын Казакстан Республикасындагы Атайын жана Ыйгарым укуктуу Элчиси Кудайберген Базарбаев менен Астана шаарынын акими Жеңиш Касымбектин жолугушуусу өттү.

Достук маанайда тараптар Астана жана Бишкек шаарларында имараттарды жана жер тилкелерин акысыз пайдалануу үчүн өз ара берүү жөнүндө өкмөттөр аралык келишимди ишке ашыруу боюнча андан аркы кадамдарды талкуулашты. Ошондой эле тараптар Т.Сатылганов атындагы Кыргыз улуттук филармониясынын Астанада боло турган гастролдук турун талкуулашты.

Бишкек жана Астана шаарларынын администрацияларынын ортосундагы соода-экономикалык, илимий-техникалык, маданий жана гуманитардык кызматташтык боюнча Жол картасын жаңыртуу жана жакынкы аралыкта сүйлөшүүлөрдү жүргүзүү жана акиматтын турак жай-коммуналдык кызматтар, коомдук жайларды куруу, санариптештирүү жана жерди пайдалануу жаатындагы тажрыйбасы жана ишмердүүлүгү менен таанышуу үчүн Бишкек мэриясынын делегациясынын сапарын уюштуруу боюнча макулдашууга жетишилди.

 

Последние новости