www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg

Алсак, депутат Бактыяр Калпаев Кадамжай районунун Майдан айыл өкмөтүндө жайгашкан Ураим Исаков атындагы мектеп авариялык абалга келгендиктен, окуучулар мечиттин, ФАПтын имараттарында окуп жатканын айтып, тез арада жаңы мектеп куруу керектигин белгиледи.

Депутат Сеидбек Атамбаев Аламүдүн районундагы Чоң-Арык, Арашан, Кой-Таш айылдарына кетчү жолдордун кесилишине жол чырак орнотуу зарылдыгын билдирип, Ысык-Ата районундагы Нооруз, Ичке-Суу айылдары үчүн салынып жаткан мектептин курулушун аягына чыгарууну өтүндү.

Депутат Талайбек Масабиров Сузак районунун Кара-Дарыя айыл өкмөтүнө караштуу Чаңгыр-Таш айылындагы Аксылык конушуна бала бакча куруу, ошондой эле Базар-Коргон районундагы Акман айыл өкмөтүнө караштуу Колот жана Кайырма айылдарын бириктирген көпүрөнү оңдоо керектигин айтты.

Депутат Жаныбек Абиров апрель айында мугалимдердин айлыгы менен бирге техникалык кызматкерлердин эмгек акысын да жогорулатууга чакырды.

Ал эми депутат Гүлнара Акимбаева Чернобыль кырсыгынын кесепеттерин жоюуга жана Афган согушуна катышкан жарандарга мамлекеттик колдоону күчөтүүнү сунуштады.

#ЖогоркуКеңеш #JogorkuKenesh #Аркандай

Последние новости