www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg
Жогорку Кеңештини жыйынында «2025-жылдын 28-июлунда Москва шаарында кол коюлган 2014-жылдын 29-майындагы Евразия экономикалык бирлиги жөнүндө келишимге өзгөртүүлөрдү киргизүү тууралуу протоколду ратификациялоо жөнүндө» мыйзам долбоору биринчи окууда кабыл алынды.
Министрлер кабинетинин төрагасы демилгелеген мыйзам долбоору менен экономика жана коммерция министринин орун басары Султан Ахматов тааныштырды. Ал белгилегендей протокол укук колдонуу практикасынын жүрүшүндө аныкталган укуктук жөнгө салуудагы кемчиликтерди жоюу, Бирлик жөнүндө келишимде колдонулган аныктамаларды тактоо, Комиссияга Бирликтин ички рыногундагы тоскоолдуктарды квалификациялоо методологиясын бекитүү жана бөгөттөрдү жана чектөөлөрдү четтетилген деп таануу ыйгарым укуктарын берүү сыяктуу 33 түзөтүүнү камтыйт.
Эл өкүлдөрү ошондой эле «2025-жылдын 30-майында Астана шаарында кол коюлган Кыргыз Республикасы менен Италия Республикасынын ортосундагы Инвестицияларды колдоо жана коргоо жөнүндө макулдашууну ратификациялоо тууралуу» мыйзам долбоорун биринчи окууда жактырды.
Макулдашуунун максаты инвесторлор үчүн жагымдуу шарттарды түзүү жана капиталдык салымдар менен байланышкан мүмкүн болуучу тобокелдиктерди азайтуу аркылуу алардын укуктарын жана кызыкчылыктарын коргоону камсыз кылууга багытталган тике чет өлкөлүк инвестицияларды тартуу жаатында келишимдик укуктук базаны түзүү болуп саналат.