www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg
ОшМУнун Эл аралык билим берүү программалары коллежинин делегациясы 12–14-февраль күндөрү Бишкек шаарындагы бир катар жогорку жана орто кесиптик окуу жайларда иш сапарда болуп келишти.
Коллеждин директору Мелис Маматжан уулу баштаган топ Ишеналы Арабаев атындагы Кыргыз мамлекеттик университети, Бишкек инновациялык колледжи, Ала-Тоо Эл аралык университети жана Т.Эрматов атындагы Бишкек музыкалык-педагогикалык институту менен жолугушууларды өткөрдү.
Сүйлөшүүлөрдүн жүрүшүндө билим берүү тармагындагы кызматташтыкты кеңейтүү, өз ара байланышты чыңдоо жана тажрыйба алмашуу маселелери талкууланды. Тараптар билим берүү сапатын жогорулатууга багытталган биргелешкен демилгелерди ишке ашыруунун маанилүүлүгүн белгилешти.
Иш сапардын алкагында студенттердин академиялык мобилдүүлүгүн уюштуруу, профессордук-окутуучулук курамдын тажрыйба алмашуусу, конок лекциялар, семинар-тренингдерди өткөрүү, биргелешкен илимий долбоорлорду ишке ашыруу боюнча макулдашуулар каралды.