www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg

ЕАЭБдин дээрлик 10 жылдык жашоосу – бул бирдиктүү экономикалык мейкиндиктин негизги механизмдерин түзүүгө мүмкүн болгон олуттуу мезгил. Бул тууралуу Екатеринбургдагы Европа-Азия изилдөөлөр борборунун директору Андрей Русаков Sputnik радиосундагы маегинде билдирди.

Анын айтымында, бүгүнкү күндө биз иш жүзүндө экономикалык жана соода мейкиндигин түзүү, бирикменин аймагындагы товарлардын жана кызмат көрсөтүүлөрдүн кыймылы жөнүндө кеп кыла алабыз.

"Бирок бул ЕАЭБдин өнүгүү жолу бүттү дегенди билдирбейт. Эң башкысы, геосаясий реалдуулук өзгөрүүдө, биз өтө коогалаңдуу дүйнөдө жашап жатабыз... Биримдиктин жакынкы келечектеги ишин аныктоочу негизги фактор анын өзгөрүп жаткан реалдуулукка карата ыңгайлашуусу", — деди Русаков.

Адис ЕАЭБди түзүүнүн максаты бирдиктүү экономикалык мейкиндиктин алкагында товар жүгүртүү жана кызмат көрсөтүүлөрдө транзакциялык чыгымдарды жоюу болгонун белгиледи.

"Кошумча бажы төлөмдөрү өлкөлөр ортосундагы экономикалык байланышка оорчулук келтирип, товарлардын жана кызмат көрсөтүүлөрдүн баасына таасир этип келген. Азыр болсо, мисалы, кыргызстандык ишкерлер Бишкектен жүк жүктөп Екатеринбургга алып келүүдө көйгөй жок экенин айтышууда. Жүк учурдагы эрежелердин чегинде тынч кыймылдайт. Эгер ЕАЭБ болбосо бажы текшерүүлөрү менен бир нече чек арадан өтмөк. Демек, Кыргызстандын экономикасы үчүн ЕАЭБдин алкагында Россияга жасалган экспорт чоң пайда экени талашсыз", — деди эксперт.

Булак:NazarNews.kg

Последние новости