www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg

Бир жыл мурун, июнь айында Кети Топурия эң алгачкы жолу эне болгон. Кызына сүйүктүү жолдошу Лев Гейхман менен Оливия аттуу ысым ыйгарышкан. Лев тажрыйбалуу ата болсо, Кети үчүн наристени жарыкка алып келип, ага кам көрүп, өстүрүү жаңылык. Эне, жубай болуу статусу Кетинин жашосун кандай өзгөрткөнүн маекте кеңири кеп кылмакчыбыз!

- Кети, паспортко штамп басылган соң, өзгөрүлдүңбү?

- Жолдошум экөөбүз үчүн штамптын бар менен жогунун айырмасы жок. Башка түгөйлөрдө “Бул жакка барба. Тигини кий же кийбе” деген тыюу салуулар болсо, бизде мындай нерсе жок. Менде эч нерсе өзгөрүлгөн жок.

- Лев азыр да сага гүл тартуулайбы?

- Мен ал гүл тартуулаган жалгыз айыммын. Ооба, гүлдү көп ирет тартуулап турат.

- Кызың жакында бир жашка толот эмеспи. Анын жарыкка келиши сен үчүн...

- Мен балдарды чеги жок жакшы көрүп калдым. Мурда деле балдарга жакын болуп, аларды жакшы көрчүмүн. Бирок, азыркы учурдагыдай эмес. Эгер баланын ыйлаган үнүн уксам, мен үчүн ал өлүм. Мен башка бирөөнүн баласы болсо да, барып сооротууга аракет кылам. Кызымдын жарыкка келиши мени жоопкерчиликтүү болууга үйрөттү. Мени үйдө күтүп жатканын, кызыма керек экенимди жакшы түшүнөм.

- Лев менен кызыңардын болочокто ким болушун кыялданасыңарбы?

- Албетте! Бардык эле ата-эне кыялдангандай, биздин кызыбыз да бул жашоодо эч нерседен кем болбосо экен деп тилек кылабыз.

- Жолдошуң тажрыйбалуу ата эмеспи, анын улуу кызы бар. Ал сени Оливияга туура тарбия берүүгө үйрөтөбү?

- Кызыма он бир ай гана болду. Аны тарбиялоочу процесстер баштала элек. Ал кийинчерээк болот. Лев менен ар дайым кызыбызды туура тарбиялоо тууралуу көп талкуулайбыз. Кызым атасына абдан жакын. Алар бири-биринин тилин абдан жакшы түшүнүшөт. Тили да “ата” деген создү биринчи жолу айтып чыкты.

- Сенде кызганыч болобу?

- Албетте! Биз ар дайым бири-бирибизди кызганабыз. Мен Оливияны Левтен кызганам, ал менден... Жок, ТОКТОТОЛУ! Мен адаштым. Мунун баардыгы чындап эмес, тамаша катары...

- Иш менен үй-бүлөгө күчүңдү кантип бөлүштүрөсүң?

- Менин төрөтүм кризиске дал келип калды. Концерттер азайып калып, менин бош убакытым көбөйүп калган. Мен баардыгына жетишем. Укмуш пландар бар алардын баардыгын ишке ашырам. Учурда кызуу иштеп жатабыз.

- Эс алуу качан күтүлөт?

- Биз “A’Studio” көбүнчө июль айынын ортосунан сентябрга чейин эс алабыз. Быйыл, Оливия менен эс алуу убактысында Италияга кетебиз. Грузияга чоң апабыздыкына да барабыз. Кызым менен көбүрөөк сейилдегим келип жатат. Жай келе жатат го...

Аруужан Булекбаева, NazarNews.kg

Последние новости