www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg

Экс-депутат Жусуп Коргонбай 2024-жылдын 22-апрелинде Борбордук шайлоо комиссиясы (БШК) аркылуу Жогорку Кеңештин депутаттык мандатынан өз ыктыяры менен баш тарткан күнүнө байланыштуу коомчулукка кайрылуу жасады.

Анын айтымында, ал элдин 13 323 добушун алып депутат болуп келген мезгилде «акты ак, караны кара деп» иш алып барууга аракет кылган. Депутаттык кызматтан кетүү чечими оңой болбогонун белгилеп, убакыт жана тарых ар бир окуяга өз баасын берерин айтты.

Ошондой эле ал өз ишмердүүлүгүндө негизги жетишкендиктеринин бири катары амнистия тууралуу мыйзамдын автору болгонун белгиледи. Аталган мыйзамдын негизинде 627 жаран эркиндикке чыкканын айтып, бул ишти өзүнүн негизги салымдарынын бири катары бааларын билдирди.

Мындан тышкары, ал саясаттагы ишмердүүлүгүндө айрым учурларда ишенимдүүлүк жана жарандардын көйгөйлөрүнө терең аралашуу сыяктуу жагдайлар болгонун белгилеп, бул тажрыйба өзүнө сабак болгонун айтты. Ошондой эле акыркы парламенттик шайлоодо иниси Жаанбаев Уланбек Коргонбаевич 10 миңден ашык шайлоочунун колдоосуна ээ болуп депутаттык мандат алганын, анын эл ишенимин актай турганына ишенерин, мамлекеттин өнүгүшүнө тилектеш экенин билдирип, өлкөгө тынчтык, стабилдүүлүк жана токчулук каалады, экс-депутат Жусуп Коргонбай. 

Эске сала кетсек, Жусуп Коргонбай мурда парламентте саясий чыңалуу күчөгөн мезгилде Камчыбек Ташиевди колдогон позициясын ачык билдирип, Жогорку Кеңеште автомат көтөрүп чыккан учурлары коомчулукта талкуу жараткан. Бул окуя Кемпир-Абад суу сактагычы боюнча маселе кызуу талкууланып жаткан мезгилге туура келген.

Ошол эле учурда коомчулукта айрым маалыматтарда ратификация маселеси боюнча депутаттарга басым болгондугу тууралуу пикирлер да айтылган. Бирок бул билдирүүлөр расмий деңгээлде тастыкталган эмес.

Последние новости