www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg

Экономика жана коммерция министри Данияр Амангелдиев Эл аралык финансы корпорациясынын (IFC) Мамлекеттик-жеке өнөктөштүк долбоорлору боюнча аймактык менеджери Майкл Опаги жетектеген миссия менен жолугушту.

Ведомстводон билдиришкендей, жолугушууда өлкө үчүн маанилүү долбоорлорду ишке ашыруу боюнча Эл аралык каржы корпорациясы менен кызматташуунун келечеги талкууланды.

Амангелдиев маалымдагандай, бүгүнкү күндө өнүктүрүү боюнча эл аралык өнөктөштөр жана инвесторлор менен иштөөнүн натыйжалуу механизмдери түзүлүүдө, анткени жеке секторду өнүктүрүүгө түрткү берүү маанилүү.

Мындан тышкары, министр жагымдуу инвестициялык климатты түзүү, финансы секторун жана энергиянын кайра жаралуучу булактарын өнүктүрүү боюнча долбоорлорду ишке ашыруу боюнча КР министрлер кабинети тарабынан көрүлүп жаткан милдеттерге жана чараларга токтолду. Гидроэнергетиканы, транспорт-логистикалык секторду, агроөнөр жай комплексин, тоо-кен жана туризмди өнүктүрүү экономиканын артыкчылыктуу тармактарынын бири катары аныкталган.

Эл аралык каржы корпорациясынын инвестициялык долбоорлорду колдоо, жеке секторду жана каржы рыногун өнүктүрүүгө көмөк көрсөтүү боюнча чоң тажрыйбасын эске алуу менен министр Амангелдиев кызматташууну тереңдетүүгө кызыгууну билдирип, артыкчылыктуу долбоорлорду колдоо мүмкүнчүлүгүн карап чыгууну сунуштады.

"Кыргызстанда инвесторлор менен иштөөнү жакшыртуу, ошондой эле мамлекеттер ортосундагы экономикалык кызматташтыкты чыңдоо максатында Өнүктүрүү фонддору түзүлүүдө. Биз энергиянын кайра жаралуу булактары тармагындагы долбоорлорду ишке ашыруу боюнча биргелешкен иштерди күчөтүү менен мамлекеттик-жеке өнөктөштүктүн (МЖӨ) алкагында күн жана ГЭСтерди куруу долбоорлорунун жана геотермалдык чөйрөдөгү долбоорлордун үстүндө иштөөгө даярбыз", - деди министр.

Ошону менен бирге ал чакан жана орто бизнести колдоо боюнча долбоорлорду ишке ашыруунун жана улуттук валютаны колдонуу менен жеткиликтүү жеңилдетилген каржылоонун маанилүүлүгүнө токтолду.

IFC миссиясынын өкүлдөрү биргелешип иштөөгө даяр экенин жана артыкчылыктуу келечектүү долбоорлорду ишке ашырууда кыргыз тараптын аракеттерин колдоорун билдиришти.

Булак: NazarNews.kg

Последние новости