www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg
Президент Садыр Жапаровдун Нарын облусуна болгон иш сапарынын жүрүшүндө күтүүсүздөн көтөрүлгөн маселе коомчулукта кызуу талкууга жем таштады. Нарын шаардык кеңешинин мурдагы депутаты Жаныбек Асанбеков өзүнүн депутаттык мандатын коркутуу жана кысым көрсөтүүнүн негизинде тапшырганын ачык айтып чыкты.
Бул билдирүүдөн кийин коомчулук эки жаатка бөлүнүп, социалдык тармактарда кызуу талкуу башталды.
Айрымдар Асанбековдун сөзүн колдосо, башкалары анын айткандарын негизсиз деп баалоодо. Өзгөчө Жаныбек Кубандыковдун ысымы аталгандан кийин талкуу дагы күчөдү.
Окуянын чоо-жайын тактоо максатында NazarNews редакциясы Жаныбек Асанбеков менен байланышкан. Анын айтымында, ал Президентке жөн жерден кайрылган эмес.
“Айрымдар «эмнеге башкаларды айтпайсың?” деп сурап жатышат. Бирок мага түздөн-түз Жаныбек Кубандыков байланышып, басым көрсөткөн болсо, мен ошол адамды айтам да. Менин колумда бардык видео далилдер бар”, – деди Асанбеков.
Мындан тышкары, мурдагы депутат учурда аталган маселе боюнча УКМКга расмий арыз менен кайрылганын билдирди. Анын айтымында, тиешелүү органдар окуяга юридикалык баа бериши керек.
Азырынча Жаныбек Кубандыков тарабынан бул дооматтар боюнча расмий комментарий бериле элек.
Коомчулуктун көңүл борборунда турган бул окуя боюнча акыркы чекитти укук коргоо органдарынын иликтөөсү жана расмий чечими коёру күтүлүүдө.