www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg
Бишкекте көп кабаттуу үйдүн терезесинен жаш келин эки баласы менен кулап түшкөн. Натыйжада аял жана бир жашар кыз каза болду.
Бишкек шаардык Ички иштер башкы башкармалыгынын басма сөз кызматынын маалыматы боюнча, окуя 4-апрелде саат 17:10 чамасында болгон. Эки жашы жете элек бала, 1999-жылы туулган Э.А. аттуу апасы менен бирге Жал кичи районундагы алтынчы кабаттагы батирдин терезесинен кулап түшкөн.
Энеси алган жаракаттарынан улам окуя болгон жерде эсине келбей каза болгон. Кийинчерээк 2025-жылы туулган К.А. жаракаттардан улам ооруканада каза болгон.
Дагы бир бала, 2021-жылы туулган Ж.А., жандандыруу бөлүмүндө жаткырылган.
Бул факты боюнча Кылмыш-жаза кодексинин 128-беренеси (Өзүн-өзү өлтүрүүгө жеткирүү) боюнча кылмыш иши козголду.
Кыргыз Республикасынын Жазык-процессуалдык кодексинин 96-беренесине ылайык, 1992-жылы туулган шектүү М.А. убактылуу кармоочу жайга киргизилген.
Тергөө иштери уланууда; кошумча маалымат берилет.