www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg

2025-жылдын 21-декабрында өткөн Жогорку Евразия экономикалык кеңешинин алкагында Евразия экономикалык биримдиги жана анын мүчө мамлекеттери бир тараптан, ал эми Индонезия Республикасы экинчи тараптан эркин соода жөнүндө макулдашууга кол коюшту.

Индонезия менен преференциалдык соода келишимин түзүү экспортту көбөйтүү жана Индонезия рыногуна жеткиликтүүлүктү жакшыртуу үчүн олуттуу мүмкүнчүлүктөрдү ачат, бул Кыргыз Республикасынын экономикалык өсүшүнө өбөлгө түзөт.

Сүйлөшүүлөрдүн жыйынтыгында Кыргыз Республикасына продукциянын кеңири спектри боюнча Индонезия рыногуна преференциалдык жеткиликтүүлүк камсыздалды. Тизмеге ири мүйүздүү малдын эти, кой эти, тоңдурулган балык, сүт азыктары, жашылчалар, жемиштер, минералдык суулар, ширелер, ошондой эле жеңил өнөр жай буюмдары, тиричилик техникасы, электротехникалык продукциялар жана башка көптөгөн товарлар кирди.

Бул ата мекендик өндүрүүчүлөр үчүн экспорттун көлөмүн көбөйтүүгө жана Индонезиянын динамикалуу өнүгүп жаткан рыногуна чыгууга мүмкүнчүлүк берип, жаңы перспективаларды ачат.

Преференциялар Кыргызстандын экономикасы үчүн маанилүү болгон тармактарды камтыйт: айыл чарбасы, тамак-аш өнөр жайы, курулуш материалдарын өндүрүү, жеңил өнөр жайы, химиялык продукция жана электротехника. Бул аталган тармактардын өнүгүшүнө жана модернизацияланышына өбөлгө түзөт.

Ошол эле учурда макулдашууда 141 товардык позиция боюнча өзгөчөлүктөр каралган, бул экономиканын эң аялуу тармактарын коргоону сактоого жана импорттун кескин көбөйүшүнө байланыштуу тобокелдиктерди азайтууга мүмкүндүк берет.

Мындан тышкары, Индонезия тарабынан кыргыз товарларына карата бажы алымдарынын орточо деңгээли 11 %га төмөндөтүлдү, ал эми айрым позициялар боюнча алымдардын ставкалары толугу менен жокко чыгарылды. Бул ата мекендик товарлардын рыноктогу атаандаштыкка жөндөмдүүлүгүн олуттуу түрдө жогорулатат.

Мындан сырткары, макулдашууда тараптардын бартердик соода механизмдерин өнүктүрүүгө мүмкүндүк берген жоболор камтылган. Бул акча каражаттарын колдонбостон соода операцияларын жүргүзүү практикасын кеңейтүүгө шарт түзүп, валюта курстарынын өзгөрүшүнө, ликвиддүүлүктүн жетишсиздигине жана төлөмдөрдү жүргүзүүгө коюлган чектөөлөргө байланыштуу тобокелдиктерди азайтат.

Ошол эле учурда тарифтик преференцияларды алуу үчүн зарыл болгон жол-жоболорду жөнөкөйлөтүү максатында макулдашууда экономикалык операторлор үчүн административдик жүктү азайтуу жана жеткирилүүчү товарлардын келип чыгышын тастыктоого байланыштуу процесстерди санариптештирүү боюнча чаралар каралган.

Мындан тышкары, макулдашууда бажылык башкаруу чараларын колдонууга карата эл аралык стандарттарга негизделген бирдиктүү ыкмалар бекитилип, тараптардын бажы органдарынын ортосунда тыгыз кызматташтыкты өнүктүрүү механизмдери, анын ичинде маалымат алмашууну уюштуруу жана ыйгарым укуктуу экономикалык операторлорду өз ара таануу мүмкүнчүлүгү каралган.

Ошондой эле эл аралык соодада санариптик технологияларды колдонуунун маанилүүлүгүн эске алуу менен макулдашууда соодада электрондук документтерди колдонуу мүмкүнчүлүгү жана электрондук соодада керектөөчүлөрдү коргоо максатында тараптар колдонгон практикалардын кеңири спектри боюнча макулдашууларга жетишилди.

Последние новости