www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg
Дүйнө коронавирус пандемиясынын өтө кооптуу учурунда тургандыгын Дүйнөлүк саламаттыкты сактоо уюмунун башчысы Тедрос Адханом Гебрейесус билдирди.
"Кечээ бир сутка ичиндеги маалыматтар келип түштү. Дүйнөдө коронавирус жуккан 150 миң жаңы учур катталыптыр. Бул өтө жогорку көрсөткүч. Табылгандардын жарымы Түндүк жана Түштүк Америкага туура келди. Ал аймактарды май айында пандемиянын борбору деп тааныганбыз. Азыраак катталган сан Түштүк Азия менен Жакынкы Чыгышта болуп жатат", — деди Гебрейесус.
Акыркы маалыматтарына таянсак, дүйнөдө COVID-19ду 8,35 миллионго чукул адам жуктуруп, алардын ичинен 450 миң адам каза тапты.
Булак: NazarNews.kg