www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg

Чыңгыз Жумагулов 2020-жылдын август айында эркиндикке чыгат деген маалымат чындыкка дал келбейт. Бул тууралуу Жазаларды аткаруу мамлекеттик кызматынан кабарлашты.

Маалыматка ылайык, Чыңгыз Жумагулов абактагы жазасын 2022-жылы өтөп бүтөт. Ошондуктан август айында эркиндикке чыгат деген кептер чындыкка дал келбейт.

“Дөө Чыңгыз” каймана аттуу кылмыштуу топтун мүчөсү Чыңгыз Жумагулов бир нече адам менен биргеликте 2 адамды сабап өлтүргөн деп айыпталып абакта отурат. Бишкек шаарынын Биринчи Май райондук соту аны бул кылмышы үчүн 5 жылга эркинен ажыраткан.

Белгилей кетсек, буга чейин айрым адамдар аны күзүндө болчу парламенттик шайлоого карата август айында эркиндикке чыгып, бийликтин партиясын колдойт экен деп айтышкан.

Булак: NazarNews.kg

Последние новости