www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg
АКШ президенти Дональд Трамп мындай билдирүүнү өзүнүн Truth Social социалдык тармагында жарыялаган.
Анын айтымында, Кытай бул чечимге “абдан кубанычта”, ал эми өзү мындай кадамды “Пекин жана бүткүл дүйнө үчүн” кабыл алганын айтып, мындай абал “эми эч качан кайталанбайт” деп кошумчалаган. Ошондой эле ал тараптар Кытай Иранга курал жеткирбейт деген макулдашууга жетишкенин белгилеген.
Мындан тышкары, Дональд Трамп Кытай төрагасы Си Цзиньпин жакынкы апталарда боло турган жолугушууда аны “бекем кучактайт” деп айткан. Анын сөзүнө караганда, АКШ менен Кытай “акыл-эстүү жана абдан жакшы кызматташууда”.
Ошол эле учурда Reuters белгилегендей, Трамптын Ормуз кысыгын “түбөлүккө ачуу” тууралуу билдирүүсүнүн практикалык мааниси азырынча түшүнүксүз, ал эми Ак үй кошумча түшүндүрмө бере элек.
Бул билдирүү АКШ Иран портторуна блокада киргизген шартта жасалды. Буга чейин америкалык аскерлер блокаданын алгачкы 24 саатында алты соода кемеси артка кайтарылганын, ал эми бир да кеме тоскоолдуктан өтө албаганын билдиришкен.