www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg

Дональд Трамп: «АКШ Covid-19га каршы жапырт эмдөөнү баштады»

Учурдагы президент Дональд Трамп Азык-түлүк жана дары-дармек башкармалыгы (FDA) BioNTech жана Pfizer компаниясы тарабынан иштелип чыккан коронавирустук вакцинаны бекиткенин жарыялады.

Трамп коронавируска каршы эмдөө АКШда 24 сааттын ичинде башталат деп ишендирүүдө.

«Бүгүн биздин өлкө медициналык ийгиликке жетишти. Тогуз айда эле коопсуз жана натыйжалуу вакцинаны иштеп чыктык. Бул тарыхтагы эң ири илимий жетишкендиктердин бири», - деди Трамп видео кайрылуусунда.

Анын айтымында, АКШ дүйнөдө биринчи болуп коопсуз жана натыйжалуу вакцинаны ойлоп тапкан.

«FedEx жана UPS менен биргеликте биз вакцинаны бардык штаттарга тарата баштадык. Биринчи эмдөө 24 саатка жетпеген убакыттын ичинде жасалат», - деп белгиледи ал.

Ошондой эле Трамп коронавируска каршы вакцина бардык америкалыктар үчүн акысыз болорун белгиледи.

Эске салсак, буга чейин, Улуу Британия BioNTech жана Pfizer тарабынан иштелип чыккан вакцинаны каттоодон өткөргөндүгү тууралуу кабарлаганбыз.

Суннатилла Абдуллаев, Ташкент

Булак: NazarNews.kg

Последние новости