www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg

Бүгүн залкар жазуучу Чыңгыз Айтматовду эскерүү күнү

Бүгүн 12-декабрда залкар жазуучу Чыңгыз Айтматовдун көзү тирүү болгондо 92 жашка чыкмак.

Кыргызстандын дүйнөгө таанымал белгилүү жазуучусу, коомдук жана мамлекеттик ишмер Чыңгыз Айтматов Талас облусуна караштуу Кара-Буура районундагы Шекер айылында 1928-жылы 12-декабрда туулган.

Буга карата Кыргызстанда 12-декабрь - жазуучу Чыңгыз Айтматовдун туулган күнүнүн урматына Адабият күнү катары белгиленет.

Бул датага байланыштуу Бишкектеги Илимдер академиясынын алдында залкар жазуучу Чыңгыз Айтматовдун эстелиги ачылып, Абдылас Малдыбаев атындагы опера-балет театрында салтанаттуу иш-чара болот. Ал Чыңгыз Айтматовдун «Кылым карытар бир күн» романы боюнча сахналаштырылган спектакль менен коштолот.

Чыңгыз Айтматов «Жамийла», «Саманчынын жолу», «Гүлсарат», «Бетме-бет», «Ак кеме», «Кылым карытар бир күн», «Кыямат» сыяктуу роман-повесттери менен дүйнөгө таанылган.

Эске салсак, Улуттук адабият күнүн белгилөөнү 2011-жылы Жогорку Кеңештин ошол кездеги депутаты, маркум Эгемберди Эрматов сунуш кылган. Токтом долбоору жактырылып, энчилүү дата катары ошол жылы өкмөттүн чечими чыккан.

Чыңгыз Төрөкулович Айтматов 2008-жылдын 10-июнунда 80 жаш курагында катуу оорудан кийин дүйнөдөн кайткан.

Булак: NazarNews.kg

Последние новости