www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg

Ушул жылдын 11-мартына карата республика боюнча "Социалдык келишим" долбооруна 1825 арыз келип түштү. Бул тууралуу Эмгек, социалдык камсыздоо жана миграция министрлиги билдирди.

Ага ылайык, 607 үй-бүлө менен социалдык келишим түзүлүп, алардын ичинен 341 долбоор айыл чарба багытында болду. Бүгүнкү күндө арыздарды кабыл алуу улантылууда.

Аз камсыз болгон жана жакыр үй-бүлөлөргө жардам берүүгө багытталган “Социалдык келишим” программасы 2022-жылдан бери ишке ашырылууда. Төрт жыл аралыгында долбоордун алкагында 48 557 үй-бүлө менен социалдык келишим түзүлүп, бизнес-долбоорлор ишке ашырылууда. Алардын 73,3 пайызы айыл чарба, 13,8 пайызы өндүрүш, 6,7 пайызы соода-сатык жана 6,2 пайызы кызмат көрсөтүү тармактарында иш алып барышууда.

Буга чейин анын өлчөмү 100 миң сомду түзсө, 2025-жылдан тартып 150 миң сомду түздү. Социалдык келишимди алгачкылардан болуп алган үй-бүлөлөрдүн ичинен 14 үй-бүлөнүн жылдык кирешеси 1 миллион сомдон ашты.

Аталган долбоорду ишке ашырып жаткандардын 94,2 пайызын негизинен айыл жеринде жашаган аялдар түзөт, анын алкагында 57 миңден ашуун кошумча жумуш орундары түзүлдү.

Быйыл дагы республика 13 333 аз камсыз болгон жана жакыр үй-бүлөлөр бул долбоордун алкагында 150 миң сомдон ала алышат.

Последние новости