www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg

Дүйнөлүк банк көмүр кычкыл газынын бөлүнүшүн азайтуу жана жашыл энергетиканы өнүктүрүү максатында Кыргызстанга 50 млн АКШ долларын грант түрүндө бөлүп берүүнү чечти.

Бул тууралуу Кыргыз Республикасынын Президенти Садыр Жапаров Ысык-Көл облусунун Кызыл-Өрүк айылында “ROX Ысык-Көл” күн электр станциясынын биринчи фазасын ишке киргизүү аземинде билдирди.

Президенттин айтымында, бөлүнгөн каражат айлана-чөйрөгө бөлүнүп жаткан зыяндуу газдардын көлөмүн кыскартууга жана өлкөнүн жашыл энергетикага өтүү процессин тездетүүгө багытталат.

Садыр Жапаров Кыргызстанда жашыл энергетика тармагын өнүктүрүү стратегиялык мааниге ээ экенин белгилеп, бул багыттагы иштерди мындан ары да активдүү улантуу зарылдыгын кошумчалады.

Анын айтымында, энергиянын кайра жаралуучу булактарын өнүктүрүү өлкөнүн энергетикалык коопсуздугун чыңдоого жана экологиялык туруктуулукту камсыз кылууга өбөлгө түзөт.

Последние новости