www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg
Дүйнөлүк рынокто мунайдын баасы баррелине 115 долларга жетти. Учурдагы кырдаалга байланыштуу Кыргызстанда күйүүчү майдын баасы акырындап өсүшү мүмкүн. Бул тууралуу Кыргызстандагы Нефтетрейдерлер ассоциациясынын жетекчиси Канатбек Эшатов билдирди.
Анын айтымында, өлкөдөгү күйүүчү майдын баасы көбүнчө тышкы факторлорго, айрыкча дүйнөлүк мунай рыногундагы абалга көз каранды. 1-февралдан бери бензин жана дизелдин баасы акырындап 30-40 тыйынга жогорулаган.
Ошол эле учурда өлкөдө күйүүчү майдын запасы жетиштүү. Бензин жана дизелдик отундун учурдагы кору болжол менен эки айга жетет.
Мындан тышкары, жазгы талаа иштери башталганына байланыштуу агрардык тармак күйүүчү-майлоочу материалдар менен толук камсыздалган. Кыргызстанга күйүүчү май жеткирүү кадимки тартипте уланып, ички рынокто тартыштык жок.