www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg

- Динара айым, балдар онкологиясындагы 35 млн. сомдук дары жетишсиздиги тууралуу айтып чыктың. Бийликтен камкордук көрүлүп жатабы?

- Дары-дармек көйгөйү ар убак болуп келген. Учурда да курч маселелердин бири. Бирок, тилекке каршы, өкмөт дагы, министрлик дагы эсеп-кысап менен оорулуу балдарга камкордук көргөн жери жок. Мисалы, балдардын онкологиялык ооруларына болгон дары жетишсиздиги депутаттардын капарларына да келбейт. Онкологиялык ооруларга чалдыккан балдарга 35 млн. сомдой каражатка дары жетишсиздиги бар.

Ал эми 2019-жылдын 9 айында ЖК депутаттарынын маянасы үчүн 355 млн. 692,3 миң сом бөлүнгөн. Кызмат көрсөтүүлөрдү пайдалануу үчүн 90 млн. 105,2 миң сом, төраганын резервдик фонду үчүн 2 млн. 448 миң сом бөлүнгөн. А оорулуу балдарыбызга дары жетпей саргайып отурушат. Онкология, гематологиядагы ооруларды так аныктап, диагнозун коюп, канча каражат кетерин так аныкташ үчүн кандагы метотрексаттар боюнча анализатор керек.

Ал аппараттын баасы 350 миң доллар турат. Бул аппарат бизде жок. Демек, саламаттык сактоо министрлиги эл аралык клиникалык протоколго туура келбеген, көзөмөлдөнбөгөн, туура эмес дарылоолорду жүргүзүп келет. Ар бир оорунун өзүнүн клиникалык протоколу туура болушу шарт. А бизде болсо ушундай өтө өкүнүчтүү жагдай түзүлүп, чырактай бөбөктөр дары жетишсиздигинин запкысын тартып келүүдө - дейт Д.Аляева "АЗИЯnews" гезитине берген маегинде.

Булак:NazarNews.kg

 

Последние новости