www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg
Президенттин жарлыгы менен Димаш Кудайбергенге «Кыргыз Республикасынын Эл артисти» наамы ыйгарылды. Сыйлыкты мамлекеттик катчы Марат Иманкулов тапшырды.
Сыйлык Мейкин Азия фестивалдын соңунда тапшырылды. Президенттин жарлыгы тууралуу сахнада жарыяланды.
Расмий кабарга ылайык, Димаш бул концерттен гонорар алган эмес.
Фестивалда конок катары Кыргызстандан белгилүү ырчылар, Казакстандан Димаш Кудайберген, Башкортостандан Ay Yola тобу, Орусиядан Севак Хаганян конок катары ырдап, үч күн бою көл жээгинде чоң концерт тартууланды.
“Мейкин Азия” 2013-жылдан бери өтүп келет. Кыргыз өкмөтү бул иш-чара аркылуу жаш таланттарга эл аралык платформа түзүп, Кыргызстанды маданий бренд катары таанытууну көздөйт.