www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg

Бүгүн, 1-апрелдеги Жогорку Кеңештин жыйынында «Ар кандай маселелер» саатында депутаттар социалдык-экономикалык мүнөздөгү бир катар маселелерди көтөрүштү.

Депутат Бурул Аманова Кадамжай шаарында Мамлекеттик ипотекалык компания аркылуу турак жай курууну кеңейтүүнү, ошондой эле мигранттардын турак жай программаларына катышуу мүмкүнчүлүктөрүн жогорулатууну сунуштады.

Ал эми депутат Гүлшаркан Култаева Мамлекеттик ипотекалык компаниядагы жеңилдетилген ипотека багыты боюнча кезекти, эгерде арыз берүүчү мамлекеттик кызматкер статусун жоготсо, ал эми экинчи жубайы мамлекеттик кызматкер болуп, мамлекеттик ипотеканын талаптарына жооп берсе, жубайлардын бирине өткөрүп берүү мүмкүнчүлүгүн карап чыгууну өтүндү.

Депутат Улугбек Ормонов Өзгөн районундагы Кара-Дарыя жана Жазы дарыяларынын сол жана оң жээктеринде дамбаларды куруу иштерин тездетүүгө чакырды. Анын айтымында, бул долбоор ишке ашырылса, кошумча 1848 гектар жер аянты бошойт. «Бул жер тартыштыгы күч болгон шартта район тургундары үчүн абдан маанилүү», – деди.

Эл өкүлү Чынгыз Ажибаев Лейлек районундагы агартуучу Гапыр Мадаминов түптөгөн №3 мектеп-гимназиясында капиталдык оңдоо иштерин жүргүзүү маселесин көтөрдү.

Андан тышкары, депутат Нилуфар Алимжанова Ноокат шаарындагы автовокзалдын абалы коюлган талаптарга жооп бербей турганын жана Ноокат - Ош, Ноокат - Кызыл-Кыя багыттарындагы каттамдар активдүү болгонуна карабастан, жүргүнчүлөр үчүн тийиштүү шарттар түзүлбөгөнүн белгиледи. Ошондой эле эл өкүлү Кеңеш-Бел айыл аймагындагы мектепке капиталдык оңдоо жүргүзүү жана кошумча корпус куруу керектигин кошумчалады.

Депутат Медербек Алиев Ново-Павловка айылында алгач 1200 орундуу мектеп куруу мерчемделгенин, бирок учурда 750 окуучуга ылайыкталган мектеп куруу маселеси каралып жатканын билдирип: «Айылда 5 миңден ашык окуучу бар экенин эске алуу менен, тургундар 1200 орундуу мектеп долбоорун калтырууну суранышууда», - деди.

Өз кезегинде депутат Гүлнара Баатырова алыскы аймактарда социалдык объектилердин жетишсиздиги тууралуу сөз кылып, тактап айтканда, Кара-Кулжа районунун Терек-Суу айылындагы Акун Турганбаев атындагы мектеп авариялык абалга келгенин жана спорт залынын жоктугун мисал келтирди. Ошондой эле Ылай-Талаа айыл аймагындагы Шаркыратма айылында ички жолдор боюнча көйгөйлөр бар экени белгиленди.

Депутат Райимберди Дүйшенбиев Токтогул жана Аксы райондорунун тургундарынын ортосунда жайыттарды пайдалануу маселесин жөнгө салуу керектигин айтты. Эл өкүлү бул багытта тиешелүү комиссия түзүп, маселени жеринде карап чыгып, чечүүгө чакырды. Мындан тышкары, жаш үй-бүлөлөрдүн турак жай маселесин чечүү максатында республика боюнча жерлерди трансформациялоо маселесин комплекстүү карап чыгуу керектигин белгиледи.

Эл өкүлү Карим Ханджеза Бишкек - Кара-Балта жолунда өлүмгө алып келген жол кырсыктарынын көбөйүшүнө байланыштуу тынчсыздануусун билдирип, тиешелүү мамлекеттик органдарды жол коопсуздугун камсыздоо, мектептердин жана бала бакчалардын жанында ылдамдык режимин төмөндөтүү боюнча иштерди күчөтүүгө чакырды.

Ал эми депутат Бактыяр Калпаев Баткен районундагы Бай-Карабак айылы 2005-жылы айыл макамын алганына карабастан, бүгүнкү күнгө чейин бир да социалдык объект курулбаганын белгиледи. Ушуга байланыштуу ал жакынкы убакта аталган айылда бала бакча куруу керектигине токтолду.

Ошону менен бирге депутат Алишер Козуев Кара-Суу районунун дыйкандарынын сугат суунун тарифтеринин жогорулашына, суунун жетишсиздигине байланыштуу көйгөйлөрүн, ошондой эле дыйкандарды жеңилдетилген насыялар, күйүүчү-майлоочу материалдар жана минералдык жер семирткичтер менен камсыз кылуу маселелерин ортого салды. Муну менен катар, анын айтымында, Манас айыл өкмөтүнүн тургундары Ош аэропортуна алып баруучу жолду кеңейтүүдө үйлөрдүн бузулушуна байланыштуу нааразычылык билдиришүүдө.

Депутат Рахат Жунушбаева 2029-жылы Экономикалык кызматташтык уюмунун туристтик борбору деп жарыяланган Каракол шаарында тарыхый имараттардын бузулуп жатканына көңүл бурду. Эл өкүлү маданий-тарыхый мурастарды сактоо жана туризмди өнүктүрүү үчүн инвестицияларды тартуу боюнча чараларды көрүүнү сунуштады.

Депутат Улан Бакасов Нарын шаарында жана Нарын облусунда айдоочулук күбөлүктөрдү алмаштыруу мөөнөтүн дагы бир айга узартууну сунуштады. Мындан тышкары, эл өкүлү Ат-Башы районунун Жаңы-Күч, Калинин жана Терек-Суу айылдары менен Бишкек шаарынын ортосунда туруктуу каттамдарды уюштурууну өтүндү. Учурда аталган айылдардын тургундары борбор калаага жетүү үчүн алгач райондук борборго барууга мажбур болууда.

Последние новости