www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg
Бүгүн "Ала-Арча" мамлекеттик жаратылыш паркында өлкө жетекчилигинин катышуусунда жаңы асма жол расмий түрдө ачылат. Бул тууралуу Туризм департаментинин директору Эрденет Касымов “Кабар” агенттигинин “Элден собол” берүүсүндө билдирди.
Анын айтымында, тоо башына мейманкана, тамактануучу жайлар эрежелерди сактоо менен экологиялык стандарттарга ылайык курулууда.
“Жакынкы келечекте Кыргызстандын ар бир кокту, капчыгайларын “Ала-Арчадагыдай” деңгээлге жеткиришибиз керек. Каракол шаарында, Нарында “Салкын-Төр” жасалууда. Жалал-Абаддагы “Сары-Челек” коругунун базалык инфраструктурасы жакшыртылып, жолдору оңдолууда",-деди.