www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg
Кыргыз Республикасынын Президенти Садыр Жапаров Албания Республикасынын Президенти Байрам Бегай менен анын Кыргызстанга болгон расмий сапарынын алкагында сүйлөшүүлөрдү өткөрдү.
Жолугушууда тараптар эки тараптуу жана көп тараптуу кызматташтыктын актуалдуу маселелерин талкуулап, саясий, соода-экономикалык, инвестициялык жана маданий-гуманитардык багыттардагы кызматташтыкты кеңейтүүнүн келечегин карашты.
Президент Садыр Жапаров Байрам Бегайдын Кыргызстанга жасаган алгачкы расмий сапары кыргыз-албан мамилелериндеги жаңы этаптын башталышы экенин белгиледи. Мамлекет башчысы Албания Кыргызстан үчүн Европадагы маанилүү өнөктөштөрдүн бири экенин айтып, өлкөнүн Европа Биримдигине интеграциялануу багытындагы аракеттерине ийгилик каалады.
Президент эки өлкөнүн ортосундагы соода жүгүртүүнү көбөйтүү, инвестициялык кызматташтыкты күчөтүү, туризм, кайра иштетүү өнөр жайы, транспорт жана санариптик өнүгүү тармактарында биргелешкен долбоорлорду ишке ашыруу үчүн чоң мүмкүнчүлүктөр бар экенин белгиледи.
Ошондой эле Садыр Жапаров Кыргызстан Европа Биримдигинин авиациялык коопсуздук боюнча «кара тизмесинен» чыгарылганын эске салып, эки өлкөнүн ортосунда түз аба каттамдарын ачуу маселесине көңүл бурду. Албаниянын мамлекеттик кызматтарды санариптештирүү тажрыйбасын эске алуу менен бул багытта кызматташууну сунуштады.
Мамлекет башчысы билим берүү, маданият жана спорт тармактарындагы алакаларды өнүктүрүүнүн маанисин белгилеп, Албаниянын спортчуларын 2026-жылы Кыргызстанда өтө турган VI Дүйнөлүк көчмөндөр оюндарына чакырды. Ошондой эле Байрам Бегайды 2027-жылы өтө турган «Бишкек+25» Тоо саммитине катышууга чакырды.
Өз кезегинде Албаниянын Президенти Байрам Бегай сүйлөшүүлөр эки өлкөнүн кызматташтыгына жаңы мүмкүнчүлүктөрдү ачарын белгилеп, Кыргызстан менен бардык багыттар боюнча өнөктөштүктү өнүктүрүүгө кызыкдар экенин билдирди.
Ал Кыргызстан акыркы жылдары экономикалык өсүш боюнча олуттуу ийгиликтерге жетишкенин белгилеп, экономика, билим берүү, маданият жана эл аралык уюмдардын алкагындагы кызматташтыкты кеңейтүүгө даяр экенин айтты. Ошондой эле Кыргызстандын БУУнун Коопсуздук Кеңешинин туруктуу эмес мүчөсү болуп шайланышы менен куттуктады.
Жолугушуунун жүрүшүндө Байрам Бегай Президент Садыр Жапаровду 2027-жылы Албанияга расмий сапар менен барууга чакырды. Кыргызстандын Президенти бул чакырууну кабыл алды.
Сүйлөшүүлөрдүн жыйынтыгында мамлекет башчылары кыргыз-албан кызматташтыгын мындан ары өнүктүрүү боюнча Биргелешкен билдирүүгө кол коюшту.