www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg

Бүгүн, 17-июнда Жогорку Кеңештин кезектеги жыйынында премьер-министр кызматына Кубатбек Бороновдун талапкерлиги жана жаңы өкмөттүн курамы каралуу менен бирге депутаттар талапкерлерге суроо берип, жооп алууда.

Депутат Акылбек Жапаров («Бир бол») коронавирус инфекциясы боюнча меселе көтөрүп, саламаттыкты сактоо министри Сабиржан Абдикаримовго суроо узатты.

«Кечээ саламаттыкты сактоо министринен сурандым эле. Өнүккөн өлкөлөрдө дарылар чыкты. Сиз качан буйрук чыгарасыз, өнүккөн өлкөлөрдүн дарыларын клиникалык сыноолору жок эле колдоно берели деп?», - деп кайрылды депутат.

«Кечээ сиз айткандан кийин баарын карадык, муну биз өзүбүздүн буйрук менен киргизе албайбыз. Дүйнөлүк саламаттыкты сактоо уюмунун атайын тыянагы сунушу менен болушу керек. Атайын тизме менен жаңы дары-дармектерди киргизүү керек. Бул дары-дармектер аягына чейин изилдене элек. Өзүбүздүн буйрук менен киргизгенге болбойт», - деди министр.

Депутат: «Азыр сиздин ушундай позицияңыздан далай киши кырылып калат. Армения, мына биздей болгон кичинекей өлкөлөр, Индия, Түштүк Корея, Япония киргизип жатат. Сиздин азыркы позиция менен канчабыз кырылышыбыз керек, сиздин клиникалык сыноолор бүткүчө? Жүздөн ашык кишилер ооруй баштады. Биз мышыкка, анан чычканга… Биздин Дары-дармек депортациясы качан уруксат берет, бүт коррупциялык схеманын баары иштейт деп отургуча Кыргызстандын канча кишиси кырылат? Мына ушундай позицияларды өзүңүз көзөмөлгө алышыңыз керек, Кубатбек Айылчиевич», - деди депутат.

Кубатбек Бороновдун айтымында, былтыр өнүккөн мамлекеттерде колдонулуп жаткан дары-дармектерди сыноодон өткөрбөй эле колдонуу чечими кабыл алынган. Ал мамлекеттердин тизмеси түзүлгөн. Бул маселе Республикалык штабдын деңгээлинде каралат. "Профессорлор менен сүйлөшкөнбүз, алар бул маселени изилдеп жатышат", - деди Боронов.

Булак: NazarNews.kg

Последние новости