www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg

Жогорку Кеңештин депутаты Гүлнара Баатырова бүгүн, 3-февралда Улуттук онкология жана гематология борборунда ракка каршы күрөшүүнүн бүткүл дүйнөлүк күнүнө арналган «Билим — күч: ракка каршы биргеликте күрөшөлү!» аттуу илимий-практикалык конференцияга катышты.

Эл өкүлү акыркы жылдары дүйнө жүзүндө да, Кыргызстанда да онкологиялык оорулардын өсүү тенденциясы байкалганын белгилеп, жаман дартка каршы мамлекеттик деңгээлде күрөшүү зарыл деди. "Бул — саламаттык сактоо тармагы үчүн гана эмес, өлкөнүн социалдык-экономикалык өнүгүүсү үчүн да олуттуу чакырык. Рак менен күрөшүү бир мекеменин же бир тармактын иши эмес, бул — жалпы мамлекеттик жана коомдук жоопкерчилик.

Депутат Гүлнара Баатырова алдын алуу, эрте аныктоо, сапаттуу дарылоо жана калкты маалымдоо багытындагы иштерди күчөтүү — бүгүнкү күндүн башкы талабы экенин айтты. Ошондой эле бул багытта тиешелүү чечимдерди мыйзам чыгаруу деңгээлинде колдоого алуу маанилүү деп коушмчалады.

Последние новости