www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg
Бүгүн, 3-февралда Жогорку Кеңештин депутаты Болот Сагынаев тийиштүү мекемелердин өкүлдөрү менен жолугушуп, салбуурунду ЮНЕСКОнун материалдык эмес маданий мурастар тизмесине киргизүү маселесин талкуулады. Бул тууралуу Жогорку Кеңештин Басма сөз кызматы билдирди.
Жолугушууга Салбуурун федерациясынын башкы машыктыруучусу Алмазбек Акунов, Маданият, маалымат жана жаштар саясаты министрлигинин өкүлү Атыркүл Сейизова, аталган министрликке караштуу Кинематография департаментинин директору Талантбек Төлөбеков жана ЮНЕСКОнун Кыргыз Республикасындагы жооптуу катчысы Сабира Солтонгельдиева катышты.
Эл өкүлү бул демилге улуттук аңчылык өнөрү болгон салбуурунду дүйнөлүк баалуулук катары таанытууга, өнүктүрүүгө жана коргоого өбөлгө түзөрүн белгилеп: «Аны менен бирге башка улуттук маданий мурастарыбызды да жайылтып, туристтердин кызыгуусун арттыра алабыз», - деп билдирди.