www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg

Жогорку Кеңештин депутаты Ырысбек Атажанов Баткен облусунда майыптыгы бар балдар үчүн реабилитациялык борбор жок экенин билдирди.

Анын айтымында, аймактагы ата-энелер балдарын дарылатуу жана реабилитациядан өткөрүү үчүн аргасыздан коңшу Өзбекстанга алып барышат.

Депутат Баткен облусунда реабилитациялык борбор куруу зарылдыгын белгиледи.

Ошондой эле ал майыптыгы бар балдарга жөлөкпул дайындоо жол-жобосун жеңилдетүүнү сунуштады.

Анын пикиринде, айрым учурда үй-бүлөнүн автоунаасы, турак жайы же ата-энесинин үйүндө жашаганы сыяктуу жагдайлар себеп болуп, чындап муктаж болгон үй-бүлөлөр жөлөкпулдан куру калып жатышат.

Последние новости