www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg

Жогорку Кеңештин депутаты Дастан Бекешев балдарды асырап алуу жол-жобосун тездетип, аны санариптештирүүнү Эмгек, социалдык камсыздоо жана миграция министрлигинин негизги милдеттеринин бири кылууну сунуштады.

Бул тууралуу депутат 9-сентябрда Жогорку Кеңештин жыйынында министрликке талапкер Алмаз Имангазиевге кайрылып билдирди.

Бекешевдин айтымында, балдар үйлөрүндө мүмкүн болушунча бала калбашы керек. Ушуга байланыштуу асырап алуу процессин жөнөкөйлөтүп, санарип форматка өткөрүү зарылдыгын белгиледи.

Мындан тышкары, депутат жалгыз бой энелерге кошумча жеңилдиктерди берүү, анын ичинде жумуштан бир саат эрте кетүүгө мүмкүнчүлүк түзүү сунушун айтты.

Ошондой эле ал майыптыгы бар адамдардын көйгөйлөрүнө көңүл буруп, алардын толук реестрин түзүүнү жана тиешелүү мыйзам алдындагы актыларды тездетүүнү сунуштады.

Депутат интеллектуалдык өзгөчөлүгү бар балдар 18 жашка чыккандан кийин да жеке ассистент үчүн төлөмдү токтотпоо керектигин белгиледи.

Последние новости