www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg

Ош шаарында коомдук транспорттун ишин жакшыртуу жана жүргүнчүлөр үчүн транспорттук жеткиликтүүлүктү жогорулатуу максатында бир катар каттамдардын багыттары кайра каралды.

Ош шаардык мэриясынын маалыматына ылайык, №1 жана №2 жаңы муниципалдык айланма автобус каттамдарын ишке киргизүү чечими кабыл алынды.

Ошондой эле №10 жана №24 муниципалдык автобустардын, ошондой эле №101, №102, №107, №108, №120, №131, №133, №135, №141, №146, №150 жана №151 кичи автобустук каттамдардын багыттарына өзгөртүүлөр киргизилет.

Айрым каттамдардын багыттары шаардагы жол куруу жана реконструкциялоо иштерине байланыштуу азырынча өзгөртүлбөйт.

Жолдор толук бүткөрүлүп, пайдаланууга берилгенден кийин алар жаңы бекитилген схема боюнча каттай баштайт.

Ага чейин коомдук транспорт учурдагы багыттары боюнча жүрөт.

Ал эми №1 жана №2 жаңы муниципалдык айланма автобустар Ош шаарына жаңы автобустар келгенден кийин ишке киргизилет.

Мэрия коомдук транспорттун сапатын жакшыртуу жана шаар тургундары үчүн ыңгайлуу шарттарды түзүү боюнча иштер улантыларын билдирди.

Последние новости