www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg

Жогорку Кеңештин депутат жыйынында Алтынбек Кудайбердиев Бишкек менен Ошто орто билим берүүчү мекемелер жетишпей жатканын айтып, аны чечүүнүн уникалдуу жолун сунуштады. 

Уккандардын кулагы “үрктү”. Чын айттыбы, тамаша кылып жатабы дешип түшүнбөгөндөр да болду. Айтор, логикага сыйбаган нерсени айтып, далайдын оозун ачырды. 

- Биздин жарандар балдарын 61-мектепке, 26-мектепке, 13-мектепке бергиси келет. Кээ бирлери шаар четинен да келип окушат. Балким, жаңы курулуп жаткан мектептерди ушул мектептердин филиалдары кылып куруп койсо болбойт беле? Анда жарандар балдарын борборго ташып жүрбөй, өздөрүнүн микрорайондоруна жакын мектептерге жазып калат. Ошто «Олимп» деген жакшы мектеп бар. Анын да филиалдарын курууга болот. Анда класстарда 50-60 адам болбойт, - деди депутат.

Мына сага, мындай демилге эч кимдин башына келбесе керек. Мунун акылын мамлекет пайдаланып калбаса чоң каталык болот. Мындайды ааламды алты айлансак таппайбыз.

Последние новости