www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg
Жогорку Кеңештин депутаты Адилет Белеков Нарын облусунун Кочкор жана Жумгал райондоруна иш сапары менен барып, эл менен жолугушууларды өткөрдү.
Анда аймактарды өнүктүрүүгө багытталган маанилүү маселелер талкууланып, анын ичинен социалдык, экономикалык жана инфраструктуралык көйгөйлөр тууралуу сөз болду.
Ошондой эле депутат Адилет Белековдун демилгеси жана каржылык колдоосу менен сатылып алынган атайын багыттагы техникалар, тагыраагы 2 даана жүк ташуучу унаа, 2 даана цемент аралаштыргыч, 1 даана жүктөгүч, 1 даана грейдер тапшырылды.
Эл өкүлү бул техникалар Жумгал, Кочкор, Тогуз-Торо райондорунун жана жакынкы Балыкчы шаарынын ички жолдорун тейлеп, жергиликтүү тургундардын ыңгайлуулугун камсыздоого көмөк көрсөтөт деген ишеничин билдирди. Муну менен катар тургундар тарабынан көтөрүлгөн маселелер боюнча тийиштүү мамлекеттик органдар менен бирге иш алып барарын белгиледи.