www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg

Үстүбүздөгү жылдын март жана апрель айларында Словакияда өткөн президенттик шайлоонун экинчи айлампасында өлкөнүн парламентинин спикери, “Хлас” партиясынан талапкер Петер Пеллегрини жеңишке жеткен. Бул тууралуу кечээ, 6-апрелде бардык добуштар саналып бүткөндөн кийин белгилүү болду.

Словакиядагы шайлоо участкалары ишемби күнү жергиликтүү убакыт боюнча саат 22:00дө жабылды. Добуш берүү экинчи айлампага чейин уланды, анткени эки апта мурунку биринчи турда тогуз талапкердин бири да 50 пайыздан ашык добуш ала алган эмес.

Байкоочулар Пеллегрининин жеңишин алдын ала айтышканы менен, биринчи турда Словакиянын Тышкы иштер министрлигинин мурдагы башчысы, либералдык оппозициянын өкүлү Иван Корчок 42,5 пайыз менен алдыга чыкса, Пеллегрини биринчи турда 37 пайыз добуш алды.

Экинчи турда Пеллегрини 53,12 пайыз (1 миллион 409 миң 255 добуш) алса, Корчок 46,87 пайыз (1 миллион 243 миң 709 добуш) менен экинчи орунга чыкты.

Пеллегрини: «Словакия ар дайым согуш эмес, тынчтык тарабында болушу үчүн колумдан келгендин баарын жасайм жана бул үчүн кимдир бирөө мени кандайдыр бир түрдө сынга алат деп коркпойм», - деди.
Пеллегрининин айтымында, ал атаандашы, Словакиянын Тышкы иштер министрлигинин мурдагы башчысы, либерал Иван Корчокту бир топ айырма менен жеңген. Саясатчы 5,5 миллионго жакын калкы жана 4,3 миллиондон ашык шайлоочу бар республикада дээрлик 1,4 миллион добуш алган.

Маалымат үчүн айта кетсек, Словакияны 2019-2024-жылдары башкарган Зузана Чапутова 2023-жылдын июнь айында экинчи мөөнөткө талапкерлигин койбой турганын билдирген.

Эске сала кетсек, буга чейин Индонезияда өлкөнүн жаңы лидери болуп мурдагы коргоо министри Прабово Субианто шайланган.

Абдурахман Эргешов, Ташкен

Последние новости