www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg

Темирбек Токтогазиев: Дастан мырза, «Манас жаңырыгы» сыналгыда сиз менен 16 сааттык маегибиз бар экен. Бул маектерде, негизинен, улуттук дөөлөткө тиешелүү ар кыл суроолор чагылдырылыптыр. Эми, бул маегибизди тарыхтан баштасак. 2018-жылы басмадан чыккан «Горы и высокогорье – колыбель человечества» аттуу китебиңиз илимий чөйрөгө багытталып, аны түшүнүп, кабыл алуу кесиптүү билим, атайын даярдыкты талап кылат экен. Маегибиз окурмандардын кеңири чөйрөсүнө арналган соң, илимий тереңдикти козгобой, кыска жана жөнөкөй түшүнүктөр менен жооп берсеңиз.

-Илим тармактары кыргыздын байыркы тарыхын тастыктаганы жөнүндө жетиштүү маалымат бар экен. Ал эми кыргыздын өзүндө байыркы тарыхы жөнүндө  маалымат бар  болду бекен?

-Андай маалыматтар бар. Болгондо да жазуу түрүндө бизге жеткен. “Төлөк Төрөкан уулу. “Кыргыз эл санжырасы”. Кызылсуу кыргыз басмасы, “Улуу тоолор” басмасы. Артыш шаары 2015 ж. 471 бет.China Classics International. Үзүндүлөр:

“Кыргызия зар – заман” деген китеп башында “Бака бут” деген жазуу менен жазылган. Тарых бир канча миң жыл өткөн соң көөнөрүп кетип, бул жазууну билген, окуган Моңолбай деген эле адам калган болуп, мындан 1383 жыл мурун арап тамгалуу жазууга көчүрүү туура табылып, ошол убакытта Абылкан казы деген укмуштуу адам... чий калемде көчүргөн. Баймоңол которуп берген.

...”Буга кете турган каржыны ким берет? - деген маселени койгондо Моңолбай: “90 миң туяк коюм бар, бүтүн иштеткиле” – деп арнаган экен. Моңолбайдай 45 бай бар экен... Моңолбайдан сырт алар 45 миң койду китеп үчүн арнап берген.” – 15 бет (Бүгүнкү баа менен 135 миң кой 80 доллардан эсептегенде 11 миллион доллар);

“Бул заманда жал куйругу төгүлгөн өтө келишкен айбан кезигиптир. Бул айбанды кармап  жешке болобу-болбойбу дешип, кубалап олтуруп, муз бар жерге барып, музга тайгылтып 5 – 10 ду кармап алган экен. Асылып үйрөтүп, минип бул малды кийинче жылкы деп атап калыптыр. Андан кийин бул тоодон дагы жүндүү айбанды учуратыптыр. Бул айбанды кармап, муну дагы көндүрүп мал кылып, жүндөрүн жулуп, жыгач менен ийрип, токуп кийим кылып, кийип алышты билишиптир. Бара-бара согуп  таар чапан кылышты үйрөнгөн экен. Бара-бара кийиз жасап, жыгач башын бууп, үй кылып алууну үйрөнгөн экен.

...Бир чөлдөн өркөчү бар айбандын жашап жүргөнүн билип алыптыр. Кеңеш кылып, бул айбанды кармап, көндүрүп алган экен. Чоңдугуна карап дөө деп коюптур. Бул айбанды жүк артышка ылайыктуу экен деп, жүк ташып “үйлөрдү” да улам чоңойтуп тиге баштаптыр.” – 25-26 беттер; “Алаш баатыр мындай деген ураан салган: “Тоо бойлоп, кырда ойноп, эркин өскөн Кыркез “кыргыз” – деген эл ушул деп дүйнөгө жарыя кылган.” – 28 бет; “Кыргыз келген жер ээн сай экен, ошого бул жерди “Ээнсай” - деп айткан экен. Кийинче, кыргыз 5 миң жыл жерлеген үчүн, жерлеген жерибиз болду деп “Энесай” деген экен.” – 37 бет;

-Бул китептеги маалыматтар илимий тарых булактарына дал келгенин “Манас жаңырыгы” телеканалда сиз менен төрт саат маек куруп, араң  67-бетине жеткенбиз. Бул маектин баарын окурман Ютубдан көрсө болот...

-“Кыргыз зар – заман” китеби 1383 жыл мурун, биздин доордун 610 – 630-жылдары арап тамгасына которулган экен. Ага чейин бир-нече миң жыл өткөнү айтылат. Демек, бери дегенде биздин доордон эки же үч миң жыл мурун жазылганы анык болууда.  Ал жазылган мезгилде кыргыз Ээнсайда беш миң жыл жашап калганы баяндалат. Бул Афанас дөбө маданиятынан да 2 – 3 миң жыл мурунку доорго барат. Кызыл жар (Красный яр - Красноярск), Өмүр (Амур дарыясы), Эне-Сай (Енисей дарыясы), Миң-Суу өрөөнү (Минусинский край), Бай-Көл (Байкал), Балык-аш (Балхаш), Сары-Тоо (Саратов), Ала-аска (Аляска), Алты-ай (Алтай): Ала-Тоодон жазында эки ай малын айдап жайлоого жеттип, эки ай жайлоодо малын семиртип, эки ай кайра кыштоого – Ала-Тоого малын айдап келген бабаларыбыздан калган жер-суу аттары болуп жатпайбы. Мунун баары бабаларыбыздын байыркы тарыхын тастыктап, калтырган изин талашсыз далилдеп жатат.

-Сиз бир топ эл аралык илимий конференцияларга, саясий жыйындарга жана коомдук-диний иш чараларга катышып, окуган илимий докладдарыңызды, сүйлөгөн сөздөрүңүздү окуп жана угуп жүрөбүз. Кыргыздын байыркы, улуу тарыхын дүйнө элдери билет бекен?

-Биздин тарыхчыларга, депутаттарга, министрлерге караганда кыргыз тарыхынан алар жакшы кабардар экен. “Өткөнүн билбеген – келечекке жол таппайт” – деп бабаларыбыз айткандай, союз урагандан кийин чейрек кылым кыргыз өнүгүү жолун таба албай, ар тарапка чайпалып, чайкалып, урунуп, азаптан арылбай жүрөт. Швейцария, Түркия, Малайзиядай болобуз – деп, акылы тайкы  саясатчылар элди алдап келди. Кыргыз эгерим орус, немис, кытай, араб боло албайт!  Өз тарыхын билбеген үчүн  кыргыз кыргыз болгусу келбей жатат. Эгерде улуу тарыхын билсе кыргыз бир дагы элге окшош болгусу келбей, кыргыз эле болгусу келет эле. Ар ким эле тарыхчы боло албайт. Илим – ийне менен кудук казгандай болсо тарыхыбызды издеп, табуу ийне менен аска тешкендей эле кыйын, азаптуу жана татаал иш. Биз өз тарыхыбызды билбесек (чала сабаттуу тарыхчылардын кесепетинен), дүйнө элдери кыргыздын улуу  тарыхын жакшы билет  экен.

Эки эле далил келтирейин. Биринчи. Кырк жылы курулуп бүткөн Дели шаарында ступанын (эстелик, зыярат кылчу мазар-күмбөз: бийиктиги – 70, эни – 120 метр)  расмий ачылышына Далай-ламанын чакыруусу  менен барып катыштым. Дүйнө жүзүнөн 1500 мейман келиптир. Алардын арасынан 150 адамды тандап, Далай-лама менен жолукканга алып барышты. Далай лама кирип келгенде  эле алдынкы катарда олтурган Кытай, Жапондон келген жыйырма чакты будда монахтары чөк түшүп, жөргөлөп барып, бут кийимин өбүшүп, кайра жөргөлөп артка келип олтурушту. Далай-лама  элге жакын басып келип, “Ой,  ыйык Будданын түз урпагы келген тура” – деп мени чакырып, колтукташып, манжалашып сүрөткө түштү. Мени биринчи көрсө кайдан таанымак эле! Же эч бир кызматта болбосом! Бирок  Ак-калпак, тик жака күрмө, оюм салган шымдан кыргыз Будданын түз урпагы деп, мага сый-урмат мамиле  кылганына  ошол  жыйында  олтурган 150 адам  таңгалышты!!! Мына улуу Бабаларыбыздын баркы жана даңкы!!!

Экинчи.  2006-жылы  мамлекеттик катчы катары Сауд араб мамлекетинде өткөн ОИК уюмунун  (Ислам өлкөлөрүнүн) жыйынына катышып калдым. 56 өлкөдөн 21 падыша, 22 президент, калганы премьер-министрлер келиптир. Жыйын бүткөн күнү Каабаны ачып, катышуучуларга сый көрсөтүп, ичине киргизмек болду. Ичи тар болгон үчүн, биринчи 12 падыша кирди, калганы күтүп калды. Мен падыша, президент же премьер-министр болбосом, эң аягында кирем го, деп обочорок турдум. Бир убакытта  ишти тейлеген топтун жетекчиси акырын басып келип, менин чыканагыма колун тийгизип, “сиз кириңиз” деген белги берди. 12 падышанын арасына кошулуп Каабага биринчи топ менен кошо кирдим. 9 падыша, 22 президент, 12 премьер-министр карап, таңгалып калышты. Падышалар, президенттер, премьер-министрлердин катарында мамкатчы кызмат деп деле эсептелбейт. Же мени “баланчаев түкүнчө” деп ал жерде бир да адам тааныбаса!

Анда эмне себептен мени падышалар тобуна кошуп, Каабанын ичине биринчи киргизди? Ак-калпак, тик жака күрмө, кемер курдан мени “Кыргыз” деп таанып, сый-урмат көрсөтүштү! Сауд Аравия беш кылым Осмон кандыгынын курамында болуп, кыргызды жакшы таанып калган экен! Мына тарыхчы сөрөйлөр билбеген, Ата-бабаларыбыздын улуулугу,  даңкы  жана  баркы.

-2006-жылы Азербайджан элинин экинчи дүйнөлүк Курултайына катышып келип, Түркиянын Парламентинин вице-спикери “Кыргыз – биздин бабабыз. Кыргыз – колдун билеги болсо, түрк элдери анын манжалары” деп айтканын биздин телеканалга берген маегиңизде эскердиңиз эле. Бул жөнүндө тарых илиминде маалыматтар барбы?

-Илимий булактардан үзүндүлөрдү келтирейин. В.В.Бартольд. Избранные труды по истории кыргызов и Кыргызстана. Бишкек. 1996 г. “Киргизы принадлежат к числу древнейших народов Средней Азии. Из народов, живущих в Средней Азии в настоящее время, нет ни одного, название которого так рано встречалось бы в истории” – 176 бет. Языки мира. Тюркские языки. Российская академия наук. Институт языкознания. Москва. 1996 г.

“Как общее название всего казахского народа этноним казах стал официально употребляться с 30-х годов ХХ в. в связи с образованием Казахской ССР. В официальных документах царской администрации и дореволюционных исследованиях казахи (казак) были известны как киргизы или степные киргизы (в отличие от дикокаменных киргизов – кара-киргизов), киргиз-кайсаки или кайсаки, казак-киргизы и т. д. Казахский язык (казак tili) в прошлом именовался киргизским языком, киргиз-кайсакским или казак-киргизским языком» - стр. 242 – 243. Шакарим Кудайберди уулу. Түрк, кыргыз, казак жана хандар санжырасы. Бишкек. «Турар». 2018 ж. 240 бет. «Кыргыздар эң байыркы эл. Ыса пайгамбарга чейин үчүнчү кылымда эле кыргыздар Тянну-Ола жана Ала-Тоо ортосундагы жерлерде көчүп жүрүшкөн. …Биз, кийин казак аталып калганыбыз менен чындыгында биз дагы кыргыз тукумунанбыз» - 146-147 бет.

Абайдын атасы Кунанбай менен Шакаримдин атасы Кудайберди ага-ини, демек Шакаримдин жазканын эч ким талаша албайт.

Мамлекеттик кызматтын Биринчи класстагы мамлекеттик кеңешчиси, профессор Дастан Сарыгуловдон маек алган Темирбек Токтогазиев. «Коронавирус апааты жана Кыргыз Дөөлөтү» китебинен алынды.

Булак: NazarNews.kg

Последние новости