www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg

Бишкек шаарында кошумча жугуштуу оорулар ооруканасынын курулушу башталды. Бул тууралуу Президенттин басма сөз кызматы билдирди.

«Жылуу мезгилде стационарлардын иши жакшы жүрүүдө, эл келип тиешелүү дарылануусун алып жатышат. Стационарларга кайрылган бейтаптардын саны азайып баштаганы бизди кубандырат. Азыр пандемиянын экинчи толкуну болушу мүмкүндүгү айтылууда. Андыктан, биз күзгө жана кышка даяр болушубуз керек. Бул багыттагы тиешелүү иштер жүрүп жатат», — деп белгиледи Кыргыз Республикасынын Президенти Сооронбай Жээнбеков бүгүн, 25-июлда, Бишкек шаарында 100 орундуу кошумча жугуштуу оорулар ооруканасынын курулушунун пайдубалын түптөө иш-чарасында.

Архитектура, курулуш жана турак жай-коммуналдык чарбасы мамлекеттик агенттигинин директору Урматбек Кокочаровдун маалыматы боюнча оорукана Республикалык клиникалык жугуштуу оорулар ооруканасынын аймагында тез тургузулуучу конструкция менен курулат.

Бүгүнкү күндө объектиде даярдоо иштери башталды, курулушту кыска мөөнөттүн ичинде бүткөрүү пландаштырылууда. Ушундай эле оорукананын курулушу Ош шаарында дагы пландаштырылган.

Президент Сооронбай Жээнбеков оорукананын медициналык персоналы менен баарлашууда коронавирус инфекциясынын жайылышы менен күрөшүүдө стационарлардын оң ролуна токтолуп, ошентсе да жаңы ооруканаларды тургузуу зарылдыгын баса белгиледи.

Мамлекет башчысы өз маалында саламаттыкты сактоо тутуму жакшы реформаланбагандыктан, аймактарда койко-орундардын, ооруканалардын жана медициналык мекемелердин саны кыскарып кеткендигин кошумчалады. Буга байланыштуу азыр бардык облустарда туруп калган эски имараттар менен ооруканаларды реконструкция кылуу боюнча иштер башталды.

Президент муну менен катар мамлекеттик-жеке өнөктөштүктүн алкагында инвесторлорду тартуу менен Бишкекте, Ошто жана өлкөнүн бардык аймактарында комплекстүү ооруканалар курула тургандыгын баса белгиледи.

«Биздин жарандар заманбап медициналык кызмат көрсөтүүлөрдү комплекстүү түрдө бир жерден ала алгандай көп багыттуу ооруканаларды курабыз. Мамлекеттик-жеке өнөктөштүк принциби боюнча кызматташууга кызыкдар  инвесторлор бар», — деп жыйынтыктады Президент Сооронбай Жээнбеков.

Булак: NazarNews.kg

Последние новости