www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg

Коргоо министринин буйругу менен полковник Исаков Данияр Учкунбаевич Кыргыз Республикасынын Куралдуу Күчтөрүнүн Улуттук гвардиясынын кол башчысы кызматына дайындалды. Бул тууралуу аталган ведомствонун басма сөз кызматы билдирди.

Полковник Исаков Данияр Учкунбаевич 1992-жылдан бери Куралдуу Күчтөрдүн катарында кызмат кылып, бир катар командалык кызматтарда кызмат өтөгөн.

Өмүр баяны:

• Туулган жылы: 1974-жыл, 1-май.

• Туулган жери: Ош облусу, Кара-Суу району, Жаңы-Арык айылы.

Билими

• 1981–1991-жж. — Калинин айылындагы №70 орто мектеби.

• 2000-ж. — И. Арабаев атындагы Кыргыз мамлекеттик университетин аяктаган.

• 2018-ж. — Россия Федерациясынын Куралдуу Күчтөрүнүн жалпы аскердик академиясын аяктаган.

2026-жылдын апрель айында Кыргыз Республикасынын Куралдуу Күчтөрүнүн Улуттук гвардиясынын колбашчысы болуп дайындалды.

Үй-бүлөлүк абалы

• Үй-бүлөлүү, 3 кыз жана 1 уулдун атасы.

Последние новости