www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg

Министрлер Кабинетинин Төрагасынын биринчи орун басары Данияр Амангельдиев Казань шаарына (Татарстан Республикасы) болгон жумушчу сапарынын алкагында «Россия — Ислам дүйнөсү: KazanForum 2026» эл аралык экономикалык форумунун аянтчасында Татарстан Республикасынын Раиси Рустам Минниханов менен жолугушту. Бул тууралуу Өкмөттүн маалымат кызматы билдирди.

Жолугушуунун жүрүшүндө тараптар эки тараптуу өз ара аракеттенүүнүн кеңири чөйрөсү боюнча пикир алмашып, кыргыз-татарстандык мамилелердин өнүгүүсүнүн жогорку динамикасын белгилешти. Данияр Амангельдиев Кыргызстан аймактар аралык байланыштарды кеңейтүүгө чоң маани берерин жана Татарстанды алдыңкы экономикалык өнөктөштөрдүн бири катары көрөрүн белгиледи. 

Сүйлөшүүнүн өзгөчө пункту болуп татарстандык тарапты алдыдагы Дүйнөлүк көчмөндөр оюндарына, ошондой эле ушул жылдын июнь айында Чолпон-Ата шаарында өтө турган Ысык-Көл эл аралык форумуна чакыруу болду. Министрлер Кабинетинин Төрагасынын биринчи орун басары Татарстандын делегациясынын жана спортчуларынын Дүйнөлүк көчмөндөр оюндарына катышуусу эки элдин маданиятынын жана каада-салттарынын жакындыгынын ачык далили болорун баса белгиледи. 

Сүйлөшүүлөрдүн жүрүшүндө тараптар туристтик тармактагы кызматташууну кеңири талкуулашты. Тоо лыжа туризмин өнүктүрүүгө өзгөчө басым жасалды. Кыргызстандын бай жаратылыш потенциалын жана Татарстандын заманбап туристтик инфраструктураны түзүүдөгү тажрыйбасын эске алуу менен, маектештер бул багытта тажрыйба алмашуу боюнча идеялары менен бөлүшүштү.

Өз кезегинде Татарстан Республикасынын Раиси Рустам Минниханов Данияр Амангельдиевге форумга катышкандыгы үчүн ыраазычылык билдирип, Кыргыз Республикасынын Президенти Садыр Жапаровго жана Министрлер Кабинетинин Төрагасы Акылбек Жапаровго урматтоо сөздөрүн айтты. «Биз үчүн Кыргызстан – боордош республика. Бизди тарых, ишеним жана каада-салттар бириктирет. Биз соодабызда ишке ашпай калган чоң мүмкүнчүлүктөрдү көрүп турабыз жана аны ачуу үчүн активдүү иштөөгө даярбыз», - деп баса белгиледи Рустам Минниханов. 

Татарстандын Раиси экологиялык күн тартибине өзгөчө көңүл буруп, эки эл үчүн тең ыйык жаныбар жана эки республиканы бириктирген символ болгон илбирсти сактоо боюнча биргелешкен иштин маанилүүлүгүнө токтолду. Ал Кыргызстандын биоартүрдүүлүктү жана бийик тоолуу экосистемаларды коргоо жаатындагы демилгелерин колдой тургандыгын билдирди. Жолугушуунун соңунда тараптар Кыргызстандын жана Татарстандын жарандарынын жыргалчылыгы үчүн багытталган көп пландуу кызматташтыкты мындан ары да тереңдетүүгө даяр экендиктерин ырасташты.

Последние новости