www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg

2026-жылдын 9–10-июнунда Бишкек шаарында КМШга мүчө мамлекеттердин чыгармачыл жана илимий интеллигенциясынын XIX форуму өтөт.

Ири гуманитардык иш-чарага Шериктештик өлкөлөрүнүн маданият, илим, билим берүү, искусство жана коомдук тармак өкүлдөрү катышат.

Форумдун жүрүшүндө гуманитардык кызматташтыкты өнүктүрүү, илим, билим берүү, маданият, маалымат, туризм, спорт жана жаштар саясаты боюнча актуалдуу маселелер талкууланат.

Иш-чаранын негизги темаларынын бири КМШнын 35 жылдыгы жана залкар жазуучу Чыңгыз Айтматовдун алдыдагы 100 жылдык мааракеси болмокчу.

Форумдун алкагында «Шериктештиктин жылдыздары» мамлекет аралык сыйлыгынын жана «Шериктештиктин дебюттары» жаштар сыйлыгынын лауреаттарын сыйлоо аземи өтөт. Мындан тышкары чыгармачылык жолугушуулар, концерттик программалар, КМШнын Жаштар симфониялык оркестринин концерти жана «Чыңгыз Айтматовдун жүз жылдыгына карай» аттуу чыгармачылык кече уюштурулат.

Иш-чаранын жыйынтыгында КМШ мамлекеттеринин гуманитардык кызматташтыгын мындан ары өнүктүрүүнүн негизги багыттарын аныктаган резолюция кабыл алынат.

Последние новости