www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg
Дагестанда кулаган тик учак эс алуу базасынын аймагындагы коттеджге түшкөнүн Ачи-Су айылынын башчысы Магомед-Расул Абдулсаламов РИА Новостиге билдирди.
“Кырсык федералдык жерлерде, жээкке жакын жерде болду. Тик учак жээк сызыгындагы коттеджге кулаган. Ал эс алуу базасынын аймагындагы жашалбаган имарат болчу”, — деди ал.
Маалыматка караганда, Ка-226 үлгүсүндөгү тик учак Кизляр шаарынан Избербашка учуп бара жаткан. Ал жума күнү күндүз Ачи-Су айылынын аймагында кулаган. Telegram-каналдардын маалыматы боюнча, тик учак курулуп жаткан мейман үйүнө түшкөн, ошол учурда ал жерде эч ким болгон эмес. Абадан учкан техника Кизляр электромеханикалык заводунун кызматкерлерин ташып бараткан. Жалпысынан бортто жети киши болгон: төртөө кырсык болгон жерде каза болуп, дагы бири Избербаш шаардык ооруканасында көз жумган. Дагы эки адам оор жаракат алып, ошол жакка жеткирилген.
Региондук Саламаттык сактоо министрлигинин маалыматына ылайык, жабыркагандарды күйүк борборуна которушкан. Алардын биринин абалы оор, экинчисиники орточо оордукта.
Алдын ала маалыматтар боюнча, кырсыктын негизги себеби — абада кыймылдаткычтын күйүп кетиши. Ошондой эле пилоттун катачылыгы же техникалык мүчүлүштүк версиялары да каралууда. Кырсык болгон жерде өрт чыккан, бирок ал толугу менен өчүрүлгөн. Тергөо комитети бир нече адамдын өлүмүнө алып келген коопсуздук эрежелерин бузуу фактысы боюнча кылмыш ишин козгоду.